www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги жарандык активист Самсаалы Четинбаев менен айрым жагдайлар боюнча пикир алыштык.

-Самсаалы мырза, Сооронбай Жээнбековдун экс-президент макамын алганы туура эле болдубу?

-Кандай көз карашты карманбайлы, Сооронбай Жээнбеков өз арызынын негизинде президенттиктен кетти. Бул факт! Ал эми кандай абалда, эмне себептен президенттиктен өз арызы менен кетти ал башка маселе. Ошол өңүттөн алып караганда экс-президент деген макамды берүү туура эле болот. Мөөнөтү бүтө элек, легитимдүү болсо дагы кетирилген кемчиликтерди моюндап, тынчтык жолу менен арызын жазып берип кетип калды. Экс-президенттин мындай кадамга барышы жакшы көрүнүш катары сыпатталышы керек. Эң негизгиси кан төгүлбөй бийлик алмашты.

-Баса, Айнуру Алтыбаева баш болуп, мамлекеттин тышкы карызын эл төлөшү керек деген оюн айтыптыр. Сиз бул демилгени колдойсузбу?

-Так эле «эл төлөш керек» деп айтса туура эмес. А эгер демилге көтөрүп, чакырык жасап, «келгиле, оор мезгилде мамлекетибизге жардам берели, көп түкүрсө көл болот» деп кайрылса туура болчудай. Ооба, мен да ал кайрылууну соцтармактан окудум. Көп түкүрсө көл болоору чын. Андай практиканы убагында Түштүк Кореянын эли колдонгонун жакшы билебиз.  Мамлекеттин карызынан кутулуш үчүн кээ бирлери керек болсо, тагынып жүргөн алтын шакек сөйкөлөрүнөн бери беришкен. Эгер бул демилге жапырт колго алынса, мен да өз салымымды кошконго даярмын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости