www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы вакцина адамдардын баарына эле жардам бере албайт. Анткени айрым кишилердин организми антитело иштеп чыга албайт. Мындай пикирин РИА Новости агенттигине медицина илимдеринин доктору, вирусолог Анатолий Альтштейн билдирди.

Альтштейндин айтымында, мындай көйгөй иммунитет тартыштыгы бар адамдарда жаралышы мүмкүн.

"Антителону бөлүп чыгаруу адамдын жаш курагына, ден соолугунун учурдагы абалына, терс адаттарынын бар же жогуна карабайт. Бул жерде организмдин биз биле бербеген өзгөчөлүктөрү роль ойнойт. Ага ошол эле иммунитет тартыштыгы дагы кирет", — деди дагырер.

Эске сала кетсек, Россия биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцина иштеп чыккан. Препаратты эл массалык түрдө ноябрь айынан тарта ала баштаары айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости