www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Уран Рыскулов менен саясий оюндар эми күчөөрү тууралуу баарлаштык.

-Президенттин отставкасы абалдын жөнгө салынышына таасир эттиби?

-Кандайдыр бир деңгээлде таасир этти. Бирок, чоң оюндун баары эми башталат.

-Алар кандай оюндар?

-Сырткы күчтөр биздеги марионетка саясатчылар аркылуу өз кызыкчылыктарын ишке ашыруунун аракетин көрө башташат. Анан биздин саясатчылар укуктук талаа, эл аралык нормалар деген жомокторун айтып чыгышат. Өмүрбек Текебаевдин кайра депутат болуп келиши дагы ошолордун сценарийи. Ошондой эле алардын Кыргызстандагы ишенимдүү кишиси болгон Роза Отунбаеванын  Садыр Жапаров менен жолугушуусу да жаңы бийликке болгон басым десек да болот

-Эми Садыр Жапаров да сырткы күчтөрдүн барымтасында калабы?

-Аны убакыт көрсөтөт. Учурда тарыхта кала турган иштер болуп жатат. Учуру келгенде бизди ким башкарарын да билебиз. 31- август эгемендүүлүк күнү, желек, гимн, герб жөн эле кичинекей баланы алдаган момпосуй экенин түшүнөбүз. Бизде ким кожоюн экенин түшүнгөндөн кийин эмне кылыш керек экенин, кырдаалдан кантип чыгуунун жолдорун ойлоно баштайбыз.

-Негизи Өмүрбек Текебаевге мандат туура эле берилдиби?

-Текебаевдин соттук иши бүтө элек. Укуктук талаа деп Жапаровдун айласын кетирип жатышат дагы Текебаевге келгенде укуктук талаа иштебей калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости