www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев мамлекеттик органдын жетекчиси болуп иштеген адамдар парламенттик шайлоого катышкысы келсе кызматын тапшырышы керек деп эсептейт. Мындай сунушун шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу долбоорго коштуруп жатканын ал 21-октябрда парламенттин жалпы жыйынында айтты:

“Ушул жерде отурган депутаттардын 80 пайыздайы шайлоого катышты. Дээрлик көпчүлүгү административдик ресурсту өзүбүздөн өткөрдүк деп айтат элем. Тизме түзүлгөндө да мамлекеттик, муниципалдык кызматта иштегендер, мекеме жетекчилери тизмеге 128, 156, 138-болуп кирип алып, вице-премьер-министрибиз баш болуп, министрлердин орун басарлары кирип, административдик ресурсту толук өзүбүздөн өткөрдүк. Ошондуктан ушуларга чек койсок деген сунушумду жөнөттүм. Мамлекеттик муниципалдык кызматта иштеген жетекчилер, саясий, административдик, атайын кызматты ээлегендер эгер шайлоого барам деген ниети болсо шайлоо дайындалган күндөн баштап он жумуш күнүнүн ичинде кызматын тапшырышы керек. Шайлоого барасыңбы, кызматтан кетишиң керек деген сунуш. Каттоодон өткөндөн кийин эмес, шайлоо дайындалгандан баштап эсептегенде”.

Эске салсак, бүгүн парламентте шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости