www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кармышаков Маматаир Мадимарович жөнүндө некролог 2020-жылдын 21-октябрында 60 жаш курагында Жалал-Абад облусунун Юстиция башкармалыгынын начальниги, юстициянын отличниги, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Кармышаков Маматаир Мадимарович дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Юститция министрлиги билдирди.

Кармышаков Маматаир Мадимарович Юстиция органдарында 24 жыл иштеген. Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйланган, бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктардын ээси. Кыргыз

Республикасынын Юстиция министрлигинин эмгек жамааты терең кайгыруу менен Кармышаков Маматаирдин туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, орду толгус жоготууну тең бөлүшөт.

Кармышаков Маматаир Мадимарович 1960-жылдын 10-августунда Ош шаарында туулган. 2002-жылы Ош Мамлекеттик Университетин аяктаган.

Эмгек жолу:

- 15.07.1984-18.04.1985-ж. Ош облустук Элдик чыгармачылык жана маданий-агартуу иштери борборунун,башкы инженери;

- 17.05.1985-06.11.1986-ж. Ош облуснун ички иштер башкармалыгы, Ош облусунун ИИБнүн ички иштер органдарында кызмат өтөгөн.

- 05.01.1987-13.05.1989-ж. Ош гуманитардык педагогикалык институтунун коменданты;

- 13.05.1989-01.02.1991-ж. Ош гуманитардык педагогикалык институтунун, Административдик-чарбалык бөлүм, директордун орунбасары;

- 05.02.1991-23.03.1992-ж. Төлөйкан №2 токой дүкөнүнүн башчысы;

- 23.03.1992-04.08.1992-ж. "Ош Базасы" ЖЧКнын, Коммерциялык бөлүмү, товаровед;

- 03.11.1993-27.08.1996-ж. Кыргыз керек-жарак союузунун Универсалдык соода базасы, кмпа башчысы;

- 01.05.1997-07.05.2002-ж. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Юридикалык жактарды каттоо бөлүмү, бөлүм башчы;

- 17.09.1996-03.05.1997-ж. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Ош облусунун юстиция башкармалыгы, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана диний уюмдарды каттоо боюнча башкы адис;

- 07.05.2002-07.04.2003-ж. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош облусунун юстиция башкармалыгы, башкармалыктын начальнигинин орун басары;

- 07.04.2003-18.07.2003-ж.Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо бөлүмү, бөлүм башчы;

- 18.07.2003-24.07.2006-ж. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош шаардык юстиция бөлүмү, бөлүм башчы;

- 24.07.2006-12.04.2010-ж. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Талас облустук юстиция башкармалыгы, бөлүм башчы;

- 12.04.2010-09.12.2010-ж. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Талас облусунун юстиция башкармалыгы, башкармалыктынначальниги;

-  09.12.2010-28.02.2012-ж. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош облусунун юстиция башкармалыгы, башкармалыктын начальниги;

 - 28.02.2012-04.09.2015-ж. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облусунун юстиция башкармалыгы, башкармалыктын начальниги;;

- 04.09.2015-23.07.2018-ж. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облусунун юстиция башкармалыгы, башкармалыктын начальниги;

- 23.07.2018-21.10.2020-ж. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгы, башкармалыктын начальниги.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости