www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөттүн маалымат кызматы вице- премьерлер арасында милдеттер кандайча бөлүштүрүлгөнүн кабарлады.
Ага ылайык, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков финансы-экономикалык блокту, инвестициялар жана Евразия экономикалык бирлигине байланыштуу маселелер боюнча иш алып барат. Бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу маселелерин, салыктар, бажы, салыктык эмес төлөмдөр жана жыйымдар чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу сыяктуу иштерди координациялайт.
Вице-премьер-министр Равшан Сабиров региондук өнүктүрүү, реалдуу сектор жана инфраструктура маселелери менен алектенет. Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды аткаруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова социалдык блокту колго алды. Ал өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды аткаруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин жөнгө салып турат. Мындан тышкары, Социалдык саясат, социалдык кепилдиктер, миграция, эмгек, ишке орноштуруу, үй-бүлө, балдар, жаштар, санитардык көзөмөл системаларын, билим берүү, илим, спорт, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү саясат, этностук өнүктүрүү, гендердик саясат, маданиятты өнүктүрүү, басма сөз жана телерадиоберүү, маалыматтык саясат, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо иштери боюнча маселелерди координациялайт.
Вице-премьер Максат Мамытканов укук коргоо тармагы, жарандык коргоо, чек ара маселелери боюнча иш алып бармай болду. Ал өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндө өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Булак: NazarNews.kg