www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2015-жылы боло турган шайлоодо алдыда келиши же өтпөй калышы мүмкүн лидерлер кимдер:

Алмазбек Атамбаев, КСДПнын лидери: 2015-жылкы парламенттик шайлоодо 432 миң 846 добуш же 27,56 пайыз менен 38 мандат алып биринчи орунда келген. Бул шайлоо алдында КСДП экиге бөлүнүп кетти. КСДПнын бир жагынын лидери Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн кылмыш иштери козголуп жатат жана жоопкерчиликтен кутулуп кетиши күмөн. Дагы бир КСДПнын лидери Сагынбек Абдырахманов шайлоо алдында “мышык-чычкан” ойной баштады.

Өмүрбек Бабанов, «Республика — Ата-Журт» фракциясынын лидери — 2015-жылкы парламенттик шайлоодо 318 миң 266 добуш же 20,26 пайыз менен 28 мандат алып экинчи орунда келген. 2015-жылы шайлоодон соң РАЖдын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев РАЖдан четтетилген. 2017-жылы октябрда Бабановдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, Москвага качып кеткен. Фракция лидери катары калган Руслан Казакбаевдин ордуна лидерликке Жыргалбек Турускулов келген. Парламенттик шайлоо алдында Бабановго кылмыш иштери жаңырышы мүмкүн.

Өмүрбек Текебаев, «Ата Мекен» — 2015-жылкы парламенттик шайлоодо 122 миң 500 добуш же 7,83% менен Мелис Мырзакматовдун “Улуттар Биримдиги” менен биригип 11 мандат алган. Өмүрбек Текебаев парламенттик тосмону 9 пайыздан 3 пайызга түшүрүш керек деп чыкты. Демек, ал партиясынын шансын билип турат.

Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» — 2015-жылкы парламенттик шайлоодо 134 миң 909 жаран же 8,59% менен 12 мандатка ээ. 7 пайыздык тосмодон “өлбө жаным өлбөлөп чыккан”, 9 пайыздык тосмодон өтө албай калышы мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости