www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жанар Акаев деген бир «чыгаан» депутат бар Жогорку Кеңеште. Көтөргөн маселелери актуалдуулугу жана өзгөчөлүгү менен айырмаланып турат. Бул жагынан сөз жок.
Мына бүгүн дагы парламенттин жалпы жыйынында ички иштер министрлиги криминалга моюн сунуп берип салгандыгын айтып, анын айынан өлкөдөн инвесторлор качып жаткандыгын айтты. Чындыгында, укук коргоо органдары өтө чабалдыгынан ушундай абалга кептелип турат. Айрым учурда милициянын өзү дагы криминал менен аргындашып кеткендиги эч кимге жашыруун эмес. Бирок, көтөргөн маселелери канчалык актуалдуу болбосун Акаев негедир аны аягына чейин чыгарбайт. Трибунадан маселенин ысыгында бир “балп” этип, бюджеттин эсебинен эле региондорду кыдырып, өзүн жарнама кылып албаса, колунан жарытарлык деле бир нерсе келбейт экендигин коомчулук деле түшүнүп калды окшойт. Келмек дечи, а бирок...
Булак: NazarNews.kg