www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Памирден көчүрүлүп Нарын жергесин байырлап калган Рамазан Абдували аттуу жарандын үй-бүлөсүнө Кара-Балтадагы 5 бөлмөлүү үйүн белек кылып тартуулаган, Россияда дыйканчылык менен алектенген мекендешибиз Кылычбек Турдугуловго ыраазычылык билдирип, аталган министрликтин "Ардак грамотасы" менен сыйлоону чечишкенин бүгүн, 23-октябрда соцтармактагы баракчасына жазды.  

"Памирден көчүрүлүп Нарында жашап жүргөн  памирлик бир тууганыбыз Рамазан Абдували үйдөн кыйналып, коомчулукка кайрылган видеосу көпчүлүктү кайдыгер калтырган эмес. Кайрымдуу инсандардын арасынан суурулуп чыгып, Кара-Балта шаарындагы 5 бөлмөлүү үйүн ушул кыйналган үй-бүлөгө тартуу кылган жоомарт жигит Турдугулов Кылычбекке ыраазычылык билдирип, атайын байланышка чыктым. 20 жылдан бери Орусиянын Владивосток шаарында жашап, ошол жакта 20 сотых күнөскана (теплица) иштетип, ишинен баар тапкан мээнеткеч, жөнөкөй жигит экен.

“Кара-Кулжанын 1-Май айылынын кулунумун. Он бир тууганым, сексенден ашкан апам, үй-бүлөм, эки балам бар”, - дейт. Аны менен баарлашып, жакындан таанышкандан кийин, жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн гана эмес, айлана-чөйрөсүндөгүлөргө, жардамга муктаждарга жарыгы тийген кыргыздын мыкты жигиттеринин бири экенин баамдадым. “Үйлүү болуп, сүйүнүп турган памирлик тууганыбыз менен да байланыштык, сага үй-бүлөсү менен чексиз ыраазы экенин айтышты. Жараткандын ар бир таңында сага, үй-бүлөңө амандык тилеп олтурушат. Буйруса, мындай соопчулук ишиңдин аркасынан сага да Жараткан көп жакшылыктарды ыроолоруна ишенебиз! Мекениңден алыста жүрсөң дагы кыйналган мекендештериңе кол сунганыңды биздин министрлик да жогору баалап, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ардак грамотасын ыйгарууну туура көрдүк”, - деп жазган анда министр Кочкоров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости