www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн, 23-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси, президенттик аппарат башчысынын мурунку орун басары, коомчулукта “шоопур” каймана ысым менен белгилүү болгон Икрамжан Илмияновдун иши боюнча  соттук процесс уланды.

Кызыгы, соттук териштирүү жүрүшүндө Икрамжан Илмиянов аны эч ким Казандан кармап келбегендиги, ага кылмыш иши козголгонун туугандарынан телефон аркылуу уккан соң өзү Россиядан учуп келгендигин, келгенде гана аны УКМК кызматкерлери кармаганын билдирди.

Аны менен катар Илмиянов өзүнө айыптар жасалма коюлуп жаткандыгын, Чыныбек Анарбек уулунан башка бир дагы күбөнү, ал түгүл жабырлануучуну да тааныбай турганын, ошондуктан күнөөсүн мойнуна албай турганын кошумчалады. Чыныбек Анарбек уулун да партиялашы катары билээрин, бирок, аны менен акыркы жолу качан, кандай жагдайда жолукканын эстей албашын айтат Илмиянов.

Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири катары саналган Икрамжан Илмияновду УКМК “2018-жылдын 20-октябрында Дубайга учканы турган жеринен Татарстандын борбору Казандын аэропортунан кармап келдик” деп былтыр маалымат тараткан.

Ошол эле учурда айрым саясатчылар “Илмиянов “каралардан” качып, керт башынын амандыгы үчүн бийлик менен сүйлөшүү аркылуу өзү колго түшүп бериши мүмкүн” деген версияларын да жарыялашкан болчу.

Ошондо кимисиники чындык? “Кармап келдик” деген УКМКныкыбы же “өзүм келгем” деген Илмияновдукубу? Балким, “каралардын жазасынан качып өзү колго түшүп берген” деген версия туура болуп жүрбөсүн?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости