www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кече 1-мартта Тажикистан өлкөсүндө парламенттик шайлоо болуп өттү.

Бүгүн 2-мартта шайлоо жыйынтыгы жарыяланды. Шайлоодо Тажикистан "Эл Демократик" партиясы 50,4 пайыз добуш менен жеңишке жетип, 12 мандатты ийгиликтүү алды.

Добуш берүү жыйынтыгы тууралуу Тажикистандын шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Бактиёр Худоёрзода тарабынан маалымат жыйында айтылды.

"Тажикистан Эл Демократик партиясы 50,4 пайыз добуш топтоду" - деп айтты Худоёрзода.

Эске сала кетсек, Тажикистан "Эл Демократик" партиясы өлкөдөгү алгачкы партиялардын бири. Партия лидери Тажикистандын азыркы президенти Эмомали Рахмон. Партия 1994-жылдын 10-декабрында түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости