www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин борбордук аянтында Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги өтүп жатат. Алар үч жыл мурун 2013-жылдагы окуялар үчүн соттолгон саясатчынын бошотулушун талап кылышууда. Жапаров Караколдогу баш аламандыктар жана Ысык-Көл облусунун губернаторун барымтага алууга айыпталган.

Абал курчуп бара жатат. Аялдар Ак үйдүн жанына келип бийликти чыгып, жооп берүүнү талап кылышууда. Ак үйдүн күзөтчүлөрү аялдар келе жатканда шлагбаумду ылдый түшүрүп, дарбазаны жаап, суроолорго жооп бербей коюшту.

Аялдардын арасында мүмкүнчүлүгү чектелгендер да, кичинекей баласын көтөрүп алып, ак үйдүн эшигин каккылагандар да бар.

Кичинекей баласын көтөргөн аялды “баласы менен үйүндө эле отура бербейби”, “жука кийинтип алганбы”, “эне болгондон кийин митингди эмне кылат, баласын ойлобойбу”, “баласы байкуш жалдырап, оозу ачылып, түшүнбөй жатат” деген пикирлер жамгырдай жаап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости