www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 2-мартындагы Ала Тоо  аянтындагы митингге жарандар чогулуп, ар кыл багыттагы талаптар менен менен сунуштарын билдиришүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Митинге  катышкан жарандардын саны 800 кишинин тегерегинде. Андан сырткары Бишкек  шаарындагы бардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын  бир катар өкүлдөрү жана ары бери өткөн шаардын тургундары дагы жүрүшөт. 

Митингдин башталышында аны өткөрүүнүн тартиби жана жол жобосу сакталып ирээти менен келе жаткан. Бирок бир эки сааттан кийин модераторлор митингди башкара албай калышты. Уюштуруучулардын тарайлы деген сунуштарын эч ким укпай калышты. 

ИИМ митингдин катышуучуларына кайрылат жана митингди өткөрүүнүн убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу митингдин катышуучуларын тарап кетүүгө чакырабыз.

ИИМ митингге катышкан жарандардын бардыгына бирдей мамиле кылат жана ошол эле мезгилде мыйзамды бузгандарга, чагымчыл аракеттерди жасооого аракеттенгендерге, коомдук тартипти бузгандарга жана тынч митингдин талаптарын бузгандарга карата карата мыйзам чегинде чараларды көрөт.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости