www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АБАЛ КУРЧУДУ! Митингчилер Ак үйдү көздөй бет алышты

Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылып чыккан митингдин катышуучулары 6 сааттан бери өз позицияларынан тайбай, Ала-Тоо аянтында экс-депутаттын чыгышын талап кылып, Ак үйдү көздөй бет алышты.

Буга чейин саясатчынын агасы Сабыр Жапаров митингдин талабына президенттик аппарат үч күндөн кийин жооп берерин айтып, чогулгандарды тароого чакырган. Бирок, бул талапка көнбөгөн эл Садырдын бүгүн чыгышын талап кылып, “жок, Садырды бүгүн чыгарып кетишибиз керек!  Биз бул жерге ойноп келген эмеспиз! Ак үйдөн бирда киши келе албаса, биз аларга барабыз!”-деген уран менен Ак үйдү көздөй бет алышты.

Белгилей кетсек, ушул тапта Ала-Тоо аянтында өлкөнүн ар кыл аймактарынан келген 5 миңге жакын адам Садыр Жапаровдун боштондукка чыгышын талап кылып нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат.

Эске сала кетсек, экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

 Булак:NazarNews.kg

Последние новости