www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин борбордук аянтында Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги өтүп жатат. Алар үч жыл мурун 2013-жылдагы окуялар үчүн соттолгон саясатчынын бошотулушун талап кылышууда. Жапаров Караколдогу баш аламандыктар жана Ысык-Көл облусунун губернаторун барымтага алууга айыпталган.
Абал курчуп бара жатат. Күч түзүм келип, элди токтотууга аракет кылышууда. Бирок, митингчилер күч түзүмдөрүнө каршылык көрсөтүп, таш ыргытышууда. Ал эми, күч түзүмдөр митингчилерди көздөй суу, желим ок жана жаш агызуучу каражат колдонууда.
Такталбаган маалыматтар боюнча айрым аянтта турган аскерлер буттарынан жаракат алды. Митингчилер каршылык акцияга акча үчүн чыгышып, айрым митингчилердин спирт ичимдиктери жыттанып жатьышканын ошол жактагы күбөөлөр айтышкан.
Эки саат мурун, камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун 9 тарапкери президенттин аппаратынын өкүлү менен жолугуп чыгышты. Алар көтөрүлгөн жагдайды 3 күн ичинде карап, маселени чечебиз деген жооп кайтарган. Чогулган эл бул чечимге каршы чыгып, көтөрүлө башташканда, Садырдын агасы, Сабыр 3 жыл чыдаган элди 3 күн күтүүгө, провокацияга алдырбоого чакырып жатат. Бирок, эл “жок, Садырды бүгүн чыгарып кетишибиз керек! Биз бул жерге ойноп келген эмеспиз!”-деген гана урандарды айтып жатышат
Эске сала кетсек, Жапаров 2017-жылы Караколдогу баш аламандыктар жана Ысык-Көл облусунун губернаторун барымтага алууга айыпталган.
Булак: NazarNews.kg