www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоодон соң «свет» өчүрүлө баштайбы?

Электрди тейлеген министр Доскул Бекмурзаев элдин каргышынан биринчи президент Жапаровдун сөгүшүнө татыктуу болду. Министр Доскул Бекмурзаевди шалаакылыгынан ноябрда алмаштырыла турган 4 агрегат 2022-жылдын июнь айына калды. Доскул Бекмурзаевди куурдак кылып кууруп жесек да 2022-жылдын 1-апрелине карата Токтогулда суунун деңгээли 7 млрд кубга түшөт, 2021-жылдын 1-октябрына 12,3 млрд кубга түшкөн, былтыркыдан 2,9 млрд кубга аз. Электрэнергия менен каамсыз кылыш үчүн Түркмөнстандан  502 млн кВт.саат, Казакстандан  900 млн кВт. саат жана Өзбекстандан 750 млн кВт.саат алабыз. Бирок ошого карабай шайлоодон соң электрэнергияны өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу Энергия министрлигинин атка минери Айбек Айдаралиев тегерек столдо айтты. Шайлоодо кээ бир талапкерлер упай топтоп алыш үчүн бул сөздү чыгарып жатканын кеп кылып, шайлоодон соң «свет» өчпөй турганын айтты. Доскул Бекмурзаевдун кол алдындагы көмүр менен элди камсыздандыра турган атка минерлер өздөрү көмүр майданында ажиотаж уюштурушуп, көмүрдүн баасын көкөлөтүшүп тоннасын 6000-7000 сомго көтөрүп жиберишкен. Көмүрдүн тоннасынын баасын 3000-3500 сомдон ашырбаш үчүұн катуу талаптар коюлду. Жыл башынан бери үч жетекчиси алмаш «Кыргызкөмүр» ишканасында көмүргө жооп берер турган жетекчилер кызматынан айдалды. Жапаровдун айтуусу боюнча Доскул Бекмурзаевди куурдак кылып кууруп жесек да быйылкы кыштан чыгышыбыз керек.Себеби, Токтогул ГЭСинде көйгөйлөр түзүлүп, көмүрдүн баасы асманга чыгып жатканда үч фазалуу электр менен жылыткандардын саны арбып бараткандай. Баса, акыйкаттык үчүн айта кеткенибиз оң, президент Садыр Жапаров элдин оюн туура түшүнүп, көмүрдүн баасын 3000 сомдон ашырбоо үчүн убадасын берди. Көмүр базалары каалашынча көтөрүп жатканда бул жакшы сөз. Кээ бир көмүр базаларында көмүр алыш үчүн кезек түзүлүп, Кара-Кечеде айрым көмүрдөн пайда таап жаткан кызматкерлер буга каршы болгону менен, бул учурдагы маселени туура чечип бергени бийликтин туура жагы. Айрым аймактарда үйлөрдү жылытууда электр энергиясын туура пайдалануу үчүн үч фазалуу электрге тыюу салына баштады. Муну тез сезген бийликке каршы чыгышып элди үндөп жаткан партиялар 28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктаган соң электр энергиясы мезгил-мезгили менен өчүрүлүп турат деген каңшаарды тарата башташты.Алардын пикирлери боюнча Кыргыз Республикасына Токтогул ГЭСинде суунун азайышынан улам,келишим аркылуу электрэнергиясын берип жатышкан Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан электрэнергиясын берүүдөн баш тартышып, бизде бул тарапта кризис жаралат дешет. Дүйнөлүк практикада келишим түзүлгөн соң мамлекеттер аткарышы керек. Болбосо, эмнеге келишим түзүшөт? Балким, Орусия менен мындай келишим түзүүдөн баш тартышкан Украинадан улам айтылып жатса керек. Украинадан Европага газ өтүп, ортодо бекер газга тунуп турган бул мамлекет, акыркы мезгилде «Түндүк агым» деген Германия аркылуу Европага өтө турган куурдан улам жылуулук тармагын газ менен иштетүү коркунучта калып, АКШ жана НАТОго таянып, бул жерде чоң чыр даярдап жатышат. Эгер келишим боюнча миң куб газды 250 доллардан алып жатышса, бүгүнкү учурда газдын наркы 1900 долларга чыгып, Украина элинин жылытуу тармагы коркунучта турат.

Ал эми бизде башкача. Биринчиден элдин барынын жылытуу тармагы электр менен көмүргө байланыштуу. Ал эми «Кыргызгаз» «Газпромдун» карамагына өткөн соң, Орусияда газдын баасы канча болсо, Кыргызстанда да ошончо болуш керек. Ал эми электрэнергиясын сарамжалдуу пайдалануу үчүн «Чыгышэлектр» рейддик иш-чараларын жүргүзүп жатат. Бул тууралуу алар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн соң, электр менен жылытылып жаткан үйлөргө убактылуу «пломба» коюшууда. Кээ бир электр менен жылытып жаткан үйлөрдүн приборлоруна «печать» коюшуп жаап жатышат.

Бүгүнкү күндө «Чыгышэлектр» ишканасы тарабынан 3196 үч фазалуу электр менен жылытылып жаткан үйгө «пломба» коюшуп, 4752 абонентке изолятор же кыргызча айтканда иштегенге болбой тургандай кылышып «предохранитель» коюшкан. Бул иш чаралар кыштын күнү электрэнергиясы аварияга учурабай туруктуу иштеши үчүн жүргүзүлүп жатат.Үч фазалуу электрди айыл чарбачылык иштер үчүн керектүү гана ишканалар колдонот. Ал эми үйлөрдү жылытуу үчүн үч фазалуу электрди колдонууга тыюу салынат.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү төмөн болуп жатканына байланыштуу быйылкы кыш мезгилдеринде электр энергиясынын тартыштыгы жаралды. Мындан улам энергетиктер жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырууда. "Сиздерге толук маалымат берип коюуну туура көрдүм. Антпесем, мени келе калып эле энергетика системасын кризиске батырып салгандай көрсөтүп, сындап жаткан айрым жарандарыбыз социалдык түйүндөрдөн түшпөй жатышат", — деп айткан өлкө башчы.

Андан соң президент акыркы 10 жылда бир дагы ГЭС салынбаганын, суунун башында туруп, кошуна өлкөлөрдөн кышкысын электр энергиясын сатып алып турганыбызды кошумчалады. "Кыргызстан үчүн бул өтө уят иш. Арзан баада алса дагы мейли дейсиң го. Бир киловатты беш сомдон алып, элге 77 тыйындан берип турушкан. Албетте, беш сомдон деп кагаз жүзүндө көрсөтүлгөнү менен чыныгы баасы арзан эле болсо керек. Калганы чоңдордун чөнтөгүнө кетип турган. Балким, ушундай кызыкчылыктарды улантып, жыргап жашай бериш үчүн өзүбүздө жаңы ГЭСтерди курушкан эместир? Ошентип жеп отуруп энергетика системасын банкрот абалга жеткиришкен. Жыйынтыгында 140 миллиард сомго жакын карызга батырышкан", — деген Жапаров.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө аталган сумманы Энергетика министрлиги төлөп, ички жана тышкы булактарга карыз экенин айтты. "Бул деген банкрот дегенди билдирет. Былтыр мен ишке жаңы киришкенде энергетика системасынын акыбалын көрүп алып төбө чачым тик турган. Ошондо эле Энергетика министрлигине "мындан ары бир тыйын карыз албайсыңар. Импортту беш сомдон алууну токтотобуз. Бизде өздүк наркы канча болсо ошончодон алабыз, же өзүбүздөн иштеп чыгабыз" деп тапшырма бергем. Мына бүгүн импорттун баасы эки сомдун тегерегинде болуп жатат", — деген президент.

Жапаров учурда карыздардан кутулуу, кичи жана орто ГЭСтерди куруу башталганын айтты. Мунун аркасы менен 2024-2025-жылдарда энергетика системасы кризистен чыгарын кошумчалаган.

"Ага чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаевди куурдак кылып кууруп жесеңер дагы бул система кризистен чыкпайт. Анча-мынча мүчүлүштүктөр сөзсүз болот. Айла жок чыдайбыз", — деген Жапаров.

Белгилей кетсек, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү төмөн болуп жатканына байланыштуу быйылкы кыш мезгилдеринде электр энергиясынын тартыштыгы жаралды. Мындан улам энергетиктер жарыкты үнөмдүү пайдаланууга чакырууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости