www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги

Өткөндө кесиптешим Аскер Сакыбаева бир чоң маселени козгоду. Ушу тапта бир топ байлар парламенттик шайлоого аттанып жатканын мисал келтирип, алардын элге берген жардамы менен мыйзам жазуу иши таптакыр эки башка нерсе экенин эске салды. Менимче Аскер ошол макаласы менен Кыргызстандын саясатындагы мындан да чоң маселенин башын ачып алды окшойт. 

Ал — ​парламенттин функциясын жалпы эле кыргыз шайлоочуларынын көбү туура эмес түшүнгөнү. Чындап келсе бул маселе 30 жылдан бери чечилбей келатат. 30 жылдан бери элибиз парламент депутатынын чыныгы милдетин түшүнө элек.

Жогорку Кеңеш — ​биринчи иретте мыйзам чыгаруучу орган. Анын депутатынын милдети — ​жергиликтүү маселелерди чечүү ЭМЕС, ЖАЛПЫ мамлекет үчүн мыйзам жазуу. Азыркы Баш мыйзам болобу, мурункусу болобу, негизги милдети ошол. Мурунку системаларда Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын да бекитип же кызматтан кетирчү, азыр андай ыйгарым укугу жок. Демек, өз идеяларын биринчи иретте мыйзамдын тилине сала билген, мыйзамды сыйлаган, мыйзамдын тилин түшүнгөн, мыйзамга баш ийген адам болууга тийиш. Өкмөт кайсы бир мыйзам долбоорун көтөрүп келсе, ошонун элге пайда-зыянын, аткарылыш шартын, мүмкүнчүлүгүн, Башмыйзамга туура келер-келбесин так билген, кесипкөй деңгээлде териштире алган адамдар болушу керек. Өкмөттүн тигил же бул тармактагы ишин көзөмөлдөөгө компетенциясы жеткен адамдар келиши зарыл. Болбосо жол эрежесин билбей МАИнин башчысын жарга такаган депутаттарды деле көрдүк. Тилекке каршы алардын айдоочулук күбөлүгүн депутаттардын көзүнчө алып коюп кайра экзамен тапшыртчу принципиалдуу МАИ башчысын көрө элекпиз.

Ырас, "депутат элдин гана өкүлү болот, негизги ишти комитеттер аткарат" деген каяша айтылышы мүмкүн. Кечирип койгула, анда парламенттин кереги эмне? Ансыз деле мыйзамдар комитеттерде даярдала турган болсо анда комитеттердин кызматкерлерин шайлай бербейлиби?

Жергиликтүү маселелерди чечүү — ​Жогорку Кеңештин МИЛДЕТИ ЭМЕС. Ал жергиликтүү бийлик органдарынын милдети. Аларды козгоо — ​жергиликтүү кеңештердин милдети. Жогорку Кеңешке болсо республикалык деңгээлдеги маселелерди козгоп, алардын чечилишин мыйзамдын тилине сала билген, өкмөт менен теңата сүйлөшө турган компетенттүү адамдар келиши керек.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости