www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы 15 саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады.

Жогорку кеңешти шайлоодо ат салыша турган саясий партиялардын тизмеси:

"Ата Мекен";

Афганистан согушунун ардагерлеринин жана башка согуштук конфликттердин катышуучуларынын саясий партиясы

"Бир Бол";

"Замандаш";

"Мекен Ынтымагы";

"Мекенчил";

"Ыйман Нуру";

"Республика";

"Реформа";

"Ордо";

"Мекеним Кыргызстан";

"Социал-Демократтар";

"Биримдик";

"Кыргызстан";

"Чоң казат".

Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын талапкерлерин каттоодон баш тарткан. Себеби БШКга түшкөн тизме партиянын съездинде кабыл алынган тизмеге дал келбей калган.

Мындан сырткары, "Актив" партиясынын талапкерлери да катталган эмес. Билдирмеге ылайык, алар съезд өтө турчу күн тууралуу кабар беришкен эмес. Мындан улам БШК мүчөлөрү ага катыша албай калышкан.

4-сентябрь 00:00дөн баштап шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат. Ал туура бир айга созулмакчы. Шайлоо башталарына бир сутка калганда партиялар үгүт иштерин токтотушу зарыл.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 4-октябрга белгиленген. 
Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости