www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Аталган маселе боюнча транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев маалымат берди. Баяндамачы белгилегендей, мыйзам долбоору автомобиль жолдору чөйрөсүндөгү процесстерди өркүндөтүү жана оптималдаштыруу максатын көздөйт. Ага ылайык, төмөнкүлөр каралган:

- акы төлөнүүчү жол түшүнүгү;

- автомобиль жолун акы төлөнүүчү негизде колдонуу жөнүндө чечимдер кантип жана ким тарабынан кабыл алынат;

- акы төлөнүүчү жолдорду курууда, кайра курууда жана эксплуатациялоодо инвесторлорго түрткү берүү боюнча чаралар, жеке инвесторлордун акы төлөнүүчү жолдорду курууга жана башкарууга катышуусунун формалары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости