www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Партиялар шайлоо алдында жылдыз болуп чалкып жүрүшөт

Парламентке чабуул жасай турган партиялар бардыгы эле «жылдызга» айланышкан. Ошолордун арасында  электораттын көзүнө жакын көрүнгөн планеталар да бар. Партиянын барын санап жүрмөк белек. Биз элдин көзүнө көрүнгөн тогуз планетаны, күн менен кошуп санап көрөлү.

Меркурий

“Өнүгүү-Прогресс”

Меркурий- күн системасында күнгө жакын эӊ кичине планета. Бийликке өмүр боюу жакын, лидеринин ЖКда фракция жетекчиси деген сөөлөтү бар болсо да, кичинекей эле сөлөкөтү жүрөт, сөөдүрөп-дөөдүрөп сүйлөп, фракциясына барса жөөлүп, чоӊ жыйында «өлүк» депутатка айланган. Бабанов анын оозун «скоч» менен жамап, көчүккө тээп калп өкмөт башчысы (лжепремьер) кылып алчу. №1 дудукка айланган Төрөбаев шайлоолордо гана ойгонот. Ойгонгондо да «ободон» түшпөй калат. 

Чолпон

”Ата-Мекен”

Шайлоо жокто чолпондой жанып жүрүп, шайлоо болоордо чаян сымал артына жылган партия. Анын чоо-жайын билген сдпкчы Мадеминов чоң муштуму менен чокчолоңдоп алат. Башкалар чокусуна анын жанына  батынып бара алышабы, барышса эле жуубас чырга калбайбы?

Жер

“Мекеним Кыргызстан”

 Оо, Жер-эне, кыргыз элинин камы аз, даны аз, шамы аз, наны аз, каны дүргүп чыга турган болду. Мекеним Кыргызстан сени баткакка тыгып кетишкендер деле оңгон жок, эми Мекеним Кыргызстанды капремонттон өткөзүп алдыга чыгарар киши табылар.

Марс

“Кыргызстан”

Марс - кызыл планета. Бети дайым кызарып турат. “Кыргызстан” менен Шакинин бети кызарбайт. ЖКнын асылы Шаки өзүнөн чоӊдорду көрсө мышмыӊдап мышыкка айланат, ЖКга келсе түлкүгө айланат, а бирок өзү чычкан. Чычкандын чоӊурагы момолой!

Юпитер

“Ата-Журт”

Юпитер – күн системасында эӊ зор планета. Ахматбек мырза парламентте гана эмес, мамлекетте зор саясатчы. Алымбек датка баш болуп, Алайдан көп хандар чыккан. Акматбек баатыр Алайдын гана эмес Кыргыз мамлекетинин ханына ылайык. Сазда тыгылып жаткан «Ата-Журтту» журт катарына кошмок түгүл, парламенттик шайлоодо баш байгени илип кетүүгө  «илимий илхомун» арнаган. Аны камап коюп чыркыратып да көрүштү, «джинди» бөтөлкөгө тыгып койгондой кылып…

Сатурн

“Бир бол”

Сатурн- өзгөчө шакеги бар планета. Алтынбек баатыр дагы алтын шакектүү, өзгөчө кошоматы жанган инсан. Бөтөнчө кыргыздын тарыхы дегенде 5 миллион сомду да аябайт. Кыргыздын тарыхында «Алтын шакек» -деген оюн болгон. Алтын шакекти бир топ кишилердин ичинен бирөөнүн колуна салып, «Алтын шакек учуп чык» - дейт. Сатурн шакеги колдогон Алтынбек «шакектин» да учуп чыгар кези келеби?

Уран

СДПК

СДПК партиясын республикалык деӊгээлге алып чыккандардын бири Кожобек Рыспаев. Жаштык жигер менен,жаӊы инерцияда уран сымал жалындап бараткан, кыргыздын келечекте «урандата» турган  жигиттеринен. Кожобек жөнүндө кенч кептер келечекте айтылар, анткени СДПК лидери Атамбаевден таяктын көбүн ушул жигит жеди. Уран жөнүндө кеп болгондо, урандын зыяны жок, мен уран чыгарган жерге керек болсо түнөйм деп ураан көтөрүп чыккан. Уран планетасы эмес, уран изотобу кыргызды кыйнап турат, ошол үчүн Кожобектин урааны көпчүлүккө жаккан жок.

Нептун

“Республика”

«Республика» республикабызды да, Күрт республикасын да такымынан алып, чек араны жаптырып, кыргыз элин чүнчүтүп  келаткан. Кийин Бабановдун мурдунан суусу куюлуп, партиясын  жээни Жээнчороевке өткөзүп берген. АКШдан келип жаткан акчалар дымагына дымак кошуп, Бабанов коён жүрөгүн жолборстун жүрөгүнө операциялык жол менен алмаштырып жатат имиш.

Плутон

“Бүтүн Кыргызстан”

2011-жылдагы президенттик шайлоодо Мадумаров-Ташиевдин ташы өйдө кулаган да учурлары болгон, Мадумаров- Ташиевдин ташы ылдый кулаган да учурлар болгон. Ташиев менен Мадумаровдун ташы Сизифтин ташына окшошуп кетет. Мадумаров Сизифке окшоп ташын өйдө чыгарып баратып чекке жеткизбей таштап жиберет, андан кийин да ташын улам өйдө кулатып баратып таштап жибере берет. Адахам, Камчыбектей жигиттер бийлик башына келсе  «Камчы (кнут) же пряник» -деп элди камчылабаса эле болду.

Күн

“Биримдик”

Парламент ичинде  элге күндөй жарык берип тийип турган “Биримдикти” учурунда  Карганбек Самаков да жетелеп калган. Ал бир канча ирет ЖКнын мүчөсү болуп туруп да, оппозицияда жүрүп опол-тоодой элге эмгек сиӊирип келген. Мына ушул парламентте да калган 119 депутат биригип, өкмөт-сөкмөтү кошулуп Самаковдой ЮНЕСКОго баалуулуктарды каттаса. Ал Париж, Нью-Йорк, Женевага чейин чуркап жүрүп кытайлар кылтыйып ээлеп алган «Манасыбызды» кыргыздыкы экенин дүйнөгө таанытып келсе,  ала кийиз, шырдакты да ЮНЕСКОго каттатып келип отурат. Кыргыз деген аз сандуу эл болгонубуз менен биз менен энчилеш журттар көптүгүнө салып бизге тиешелүү улуттук көп тарыхий мурастарыбызды энчилеп алгысы келип турушат. Азыркы заманда туризм буттан тургузуп жаткан заманда, көп ата-бабадан калган мурастарды ааламга таанытып алсак тура болмок. Муну түшүнүшүбүз керек. Анын ой нурлары көп эле, ошол ой нурлары күндүн нуру сыяктуу чачырап кыргыз элине тийип турушун каалабагандар бутунан чалган, эми ...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости