www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаевдин

Саясаттын "каймагы" болгон Текебаевдин саясаттагы доору бүтүп баратат окшойт. Ага акыркы кездердеги өзүнүн ар кандай аракеттери ушундай ойлорго жетелөөдө. Кечээ, Таласта "Ата Мекен" партиясынын аймактык конференциясы болуп, ага Текебаевдин кызы Ай Данек барып катышып сөз сүйлөгөн. Текебаевдин бул кадамдарын саясаттан кеткендигиби же соттук иштерине байланыштуу аргасыз кадамдарыбы деген күмөн саноо сөздөр болуда.

Ай Данектин Таласта барып сүйлөгөн сөзү боюнча Текебаев: "Биздин үйдө эреже бар. Бир үйдөн бир убакта бир эле саясатчы болгону оң. Кызым башка балдарым сыяктуу эле партиянын мүчөсү. Жаштар канатынын активисти. Мен партия лидери болсом, үй-бүлөмдүн, балдарымдын партия лидери катары мени колдоосу табигый көрүнүш. Балдарымдын партиянын активисти болушу — саясатка катышуу эмес, биздин үй-бүлөнүн жашоо образы», — деп жооп берди.

Бул жооп көпчүлүккө табышмак бойдон калууда. Алардын үй-бүлөсүнүн жашоо образы кандай экени баарыбызга жакшы маалым эмеспи. Текебаевдин кызы Ай Данек чоң саясий партиянын жыйынында атасынын ордуна барып сүйлөп жатышын, "ата ордун алмаштырат экен" дегенден башка, эмне айтат элек. Коомчулукта азыр жаштардын келишин каалап турганын жакшы түшүнүп турган Өмүкебиздин колдогу жаш "көзүрү" кызы Ай Данек болуп калды көрүнөт.

Булак: "Факты.kg"

Последние новости