www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду, ИИМ министри Кашкар Жунушалиевди, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бакир Таировду кабыл алып, өткөн айда коопсуздук кеңешинде айтылган көйгөйлөр боюнча маселе көтөрдү.

Бизнес өкүлдөрү менен жолукканын акыркы убакта арыздар көп түшүп жатканын, бирдиктүү депозиттик эсепке акча которууда укук коргоо органдары бири-бири менен атаандашып, ар кандай мыйзам бузууларга барып жатканын, бул коррупция менен күрөш эмес эле атаандашуу экенин, мындай жол менен бизнес өкүлдөрүнүн укугун тебелеп жатканын жетекчилердин эсине салды. "Силер жыйынтык беребиз, акча көп котортобуз, коррупция менен күрөшүп атабыз деп бизнести кысып салдыңар, биз мындайга жол бербейбиз", - деп баса белгиледи өлкө башчы.

"Коррупция менен күрөш уланат, бирок күрөшүү механизмдерин жана бирдиктүү депозиттик эсепке акча которуулар түз бюджетке түшүрүүнүн жолдорун карап чыгуу керек"-деди Президент. Чынында эле бизнести кыса берсе кайсы инвестор келет бизге. Президенттин "бизнести колдойм, коргойм" дегени бизнесмендердин өчүп бараткан үмүтүн жандырды.

Булак: “Факты.kg”

Последние новости