www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын аэропортунда Москва-Краснодар рейсинин жүргүнчүсү укук коргоо органдарынын көңүлүн өзүнө бурдурду. Жүргүнчү жигит кыздардын кийимин кийип, сумкасын асынып жана узун сөйкө тагынып алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган рейстин жүргүнчүсү 1994-жылы туулган Тажикстан Республикасынын жараны болуп чыккан. Паспорттто эркек баланын сүрөтү көрсөтүлүп турат, бирок текшерүүчүнүн алдында турганды кыз кийимин кийген балабы же кызбы так айта албайсың.

Текшерүүчү паспорттогу сүрөт менен ал дал келбээрин айткан. Тажик жараны паспорттогу бала ал экенин далилдөөгө аракет кылган. Текшерүүчү ишенбегендиктен, жаран апасына чалып тактоону сурады. Бирок, текшерүүчү апасы алдап да коюшу мүмкүн экенин айткан. Анда жүргүнчү анын бармактагы тагын текшерүүнү өтүндү, бирок текшерүүчү бармактын тагы башка жактан текшерилерин айтып, бул сунушту четке какты.

Ушул жерден видео токтоп, сурак эмне менен бүткөнү тууралуу маалымат жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости