www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Советтик таланттуу кинорежиссер Леонид Гайдайдын 1973-жылы тартылган «Иван Васильевич кесибин өзгөртөт» деген комедиялуу фильмин дагы бир жолу элестетип көрүңүздөр! Жүзүнөн акылмандуулук чагылып, кара алкактуу көз айнеги бетинин жарымын жаап турган советтик инженер-ойлоп табуучу Шурик өзүнүн “мезгил машинасы” менен XVI кылымдагы падыша Иван Грозныйдын эшигин ачып, падыша Грозныйды 1970-жылдардагы советтик Москвага алып келип, ал эми москвалык үлгүлүү үй башкаруучу Иван Бунша менен ууру-рецидивист Жорж Милославскийди падышанын сарайына киргизип жиберет. Шуриктин бул “олдоксон оюну” падышалык Россия менен советтик Россияны дүрбөлөңгө бөлөйт. Ашынган ууру Милославскийдин айлакерлиги менен падыша Грозныйдын тактысына отуруп калган советтик интеллигенциянын типтүү өкүлү Иван Буншанын жасалма падышалыгы ачыкка чыгып, фильм апогейине жеткенде падышанын боярини «Войско взбунтовалось! Говорят, царь ненастоящий!» деп кыйкырат эмеспи…

Фильмдин персонаждары бүгүнкү Эгемен Кыргызстандын жашоосунда да кайсы бир деңгээлде кайталанып жатат. Алардын бир мисалы Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн айланасында жаралып турат. Мында боярин кыйкырыгы (“…царь ненастоящий!») Сокулук районунун прокурору Б. Сыргаковдун Сокулуктун акими А. Сатывалдиевге “Царь “Жаны-Пахты” ненастоящий!” маанисиндеги жазма каршылык билдирүүсүнөн көрүнөт.

Л. Гайдай бул окуя тууралу кандай фильм тартмак билбейбиз, бирок анын чоо-жайы төмөндөгүдөй:

Тажик ССРинде туулуп-өсүп, тажик милициясында кызмат өтөп, кийин кыргыз жарандыгын алып 2018-жылдын сентябрынан бери Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы болуп келаткан Абдусатторов Неьмоншо Махмадшоевич 2019-жылдын 13-декабрында “Кызматтык милдетти жүктөө жөнүндө” буйругун чыгарат. Ага ылайык Зикиров Махмаямин Камчыбекович 13-декабрдан тартып Жаңы-пахта айыл өкмөтүнүн жаштар, маданият жана спорт боюнча адис кызматына конкурс өткөргөнгө чейин дайындалат.

Оп-па! Мурдагы укук коргоо кызматкери кыргыз Мыйзамдарын одоно бузду. Т. а. КРнын Эмгек кодексинин 74-беренесине ылайык, кызматкерди ваканттык кызмат боюнча милдеттерди аткаруучу кылып дайындоого жол берилбейт. Ал эми КРын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдын 23-беренесинде муниципалдык кызматка кирүү конкурстук негизде жүзөгө ашырылаары, бош кызмат ордун ээлөөгө ички жана улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын ортосундагы конкурс же ачык конкурс өткөрүү тартибинде жүргүзүлөөрү көрсөтүлгөн.

Айыл өкмөт башчысынын бул жарлыгы өтө “көмүскө” сакталган же ал 2020-жыл жаңыргандан кийин гана жазылган! Анткени, 13-декабрдагы буйрукту 20-январга чейин айыл өкмөтүнүн бир да кызматкери көргөн-билген эмес. 13-декабрдан кызматка киришкен М. Зикиров бир күн да иштеген эмес, милдеттерин аткарган эмес. Ошондуктан анын аты-жөнү 2019-жылдын декабрь айындагы иш убактысын колдонууну каттоо табелинде жок жана эмгек маяна чыгарылган эмес. Мындай жагдайда М. Зикиров Эмгек кодексинин 83-бер. 6 “а” пункту менен (3 сааттан ашык жүйөөсүз себептер менен иш ордунда болбоо) кайра бошотулушу керек эле. “Өлгөндүн үстүнө көмгөн”- болуп атабы?!

Кызыгы эми башталат! Сокулук раймамадминистрация башчысы-акими А. Сатывалдиевдин 2020-жылдын 20-январдагы № 18-Б буйругунун 1-п. менен Н. М. Абдусатторов Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, 3-п. менен айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруу жооптуу катчы Б. Б. Беделовго жүктөлөт. Ошол эле акимдин ошол эле күндөгү 19-Б буйругу менен айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруу М. К. Зикиров жүктөлөт. Бул № 19-Б сандуу буйруктун негиздемесинде Б. Б. Беделовдун, М. К. Зикировдун 2020-жылдын 20-январындагы арыздары жана иштин зарылчылыгы, — деп көрсөтүлгөн.

Акимдин алгачкы № 18-Б буйругу “шарияка” “подгон” болгондугу көрүнүп турат. КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда анын милдетин аткаруу орун басарга, мындай кызмат орун каралбаган болсо жооптуу катчыга жүктөлөт. Бирок, жаңы-пахталыктардын айтуусуна караганда аким А. Сатывалдиев жооптуу катчы Б. Б. Беделовду “кысымга” алып, башчынын милдетин аткаруудан баш тарткан арызын мажбурлап жаздырган имиш. Чын-төгүнүн билчү жанында болгон киши жок. Бул жагын дагы да прокурор Б. Сыргаковго калтырабыз. Беделовду “бураса” айтып берээр…

Ал эми соңку № 19-Б буйругу көп божомолго жем таштайт. Мисалы, айыл өкмөттүн 13.12.2019-жылдагы М. Зикирду кызматка алган буйругу качан пайда болду, анын мыйзамсыз экендигин аким менен акимчилик (аппарат жетекчиси, юристтер, ж. б. тиешелүү адамдар) кандайча билбей калышты? Макул, жооптуу катчы өз арызы менен жаны-пахта “падышасынын” милдетин аткаруудан баш тартты дейли. Анда неге мыйзам талаптары бузулуп, конкурстук негизде ишке алынбаган, карапайым тил менен айтканда көчөдө жүргөн жеринен убактылуу кызматка алынганына 1 ай болгон М. Зикировго өзгөчө артыкчылык берилип калды? Анткени ошол эле айыл өкмөтүндө мыйзам талаптарына толук жооп берген, конкурстук негизде кызмат орундарына келишкен бир эмес 3 жетектөөчү адис турбайбы?!.

Кыскартып айтканда, прокурор Б. Сыргаковдун 08.02.2020-жылдагы акимге багыттаган каршылык билдирүүсүндө акимдин 20.01.2020-жылдагы № 19-Б буйругун жокко чыгарууну жана 10 күндүк мөөнөттө жыйынтыгын билдирүү талабы коюлган. Ушундай эле прокурордук билдирүү ошол эле күнү Жаңы-Пахта айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу М. Зикировго жөнөтүлүп, анда айыл өкмөттүн 13.12.2019-жылдагы № 02–10/32 буйругун жокко чыгаруу, 10 күндө жооп билдирүү талабы коюлуп турат. Бул жерде өзгөчө белгилей кетүүчү 2 жагдай бар! Биринчиси, “10 күндүк мөөнөт” жөнүндө. Прокурор каршылык билдирүүсүн 8-февралда жөнөтүп жатса, “Жаңы-Пахта” айыл өкмөт башчысын шайлоо 18-февралга коюлгандыгы белгилүү болду! Демек, кызыкдар тарап азыркы “милдет аткаруучуну” айылдык кеңеш тарабынан чукул шайлоо аркылуу бекитип алгысы келип турат. Экинчиден, “милдет аткаруучу” М. Зикиров 10 күнгө чейин өзү жөнүндөгү “жомок” буйрукту жокко чыгара койбос! Буга кандай карайсыздар?!..

Урматтуу прокурор Бактыбек Эстебекович!

Сиздин позицияңызды “Жаңы Ордо” гезитинин редколлегиясы толугу менен колдоого алат. Мыйзамсыздыктарды өз убагында четтетип гана тим болбостон, ким экендигине карабай күнөөлүүлөргө чара колдонуу керек! Ал эми фильмге келе турган болсок, мындай бурмалоону укса Иван Грозный улам сакалын сыйпагылап ачууланып, ал турсун айыптуулардын башын кыя чапканга буйрук бермек. Анан кантсин, өзү падыша болсо, букаралары акыйкатсыздык жөнүндө маселе көтөрүп атса, укук-милдеттери жол берип турса…

Анан дагы, бул “оюндардын” сценарийин Сокулуктун экс-акимдеринин бири Б. Саткеев жазган, ал жакындагы боло турган ЖКга шайлоодо жаңы-пахтага өзүнүн ыңгайлуу адамын “падышалыкка” алып келгенге өтө ынтызар, — деген эл арасындагы күбүр-шыбырларды да эске алып койсоңуз. Анткени, эл тынчтыгы баарынан кымбат! Адилетсиздик болгон жерден башаламандык башталат эмеспи!

Айтмакчы, экс-башчы Неьмоншо Махмадшоевичтин үстүнөн козголуп, 3 жылдан бери аягына чыкпай жаткан үч кылмыш ишинин тагдыры кандай болот? Башкасын айтпай-ак койдук, айрыкча “Жаңы-Пахтадагы” айыл чарба багытындагы жашырылып жаткан жер аянттары өзгөчө ойго салат. Элестетип көрсөңүз, бир эле № 10-контурда көрсөтүлгөн 545,1 га жер аянтын өлчөгөндө 65 га ашыкча аянт табылып, бул тууралуу акт түзүлгөн экен. Ал эми аталган айыл өкмөттүн аймагындагы  башка контурларда ашыкча канча аянт бар, ал аянттарды кимдер жашырган жана кимдер колдонуп жатат?- деген суроолор эл арасында актуалдуу бойдон туру…

"Ордочулар"

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости