www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустан айыккандардын саны 12 миң 692 кишиге жетти. Бул жөнүндө окумуштуулардын онлайн-картасында түзүлгөн маалыматта айтылган.

Коронавирусту жуктурган кишилердин саны Кытайда 73 332 адамга жетсе, вирустан каза болгондор- 1 873.

Коронавирус таралган Хубей провинциясында ооруну жуктургандар эң көп катталып, 59 989 киши  болсо, алардын 1 789у оорудан каза тапкандар, ал эми 7 862си айыгып кеткендер экендиги айтылды.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча коронавирусту жуктурган өлкөлөр көбөйдү. Бүгүнкү күнгө карата кабар боюнча 27 мамлекетке тарап, 896 киши бул оорудан жабыркап жатат. Бейтаптардын саны Япония (66), Таиланд (35), Гонконг (60),  Түштүк Корея (30),  Тайван (22), Австралия (15), Германия (16), АКШ (15) жана Малайзия (22) өлкөлөрүндө каттооого алынган.

https://24.kg/files/media/154/154908.jpg

Эске сала кетсек, коронавирус 2019-жылдын декабрь айында  Кытайдын Ухань шаарында катталган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаган. Ооруну козгогучтар болуп жаныбарлардын эти, аларды бышырбай колдонуу сыяктуу факторлор айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости