www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армения Украинадагы жаңжалда Орусиянын өнөктөшү эмес. Мындай пикирин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян CNN Prima News телеканалына берген маегинде билдирди. 

«Сиз бизди Орусия менен союздашпыз деп айттыңыз. Албетте, бул эч качан ачык айтылган эмес, бирок менимче, бул байкалып турат. Украина менен болгон согушта биз Орусиянын союздаштары эмеспиз. Ал эми биз бул согушка, бул жаңжалга тынчсызданабыз. Анткени ал биздин бардык мамилелерибизге түздөн-түз таасирин тийгизет», - деди Пашинян.

Анын айтымында, Батыш Арменияны Орусиянын өнөктөшү катары көрүшөт. Москва Армениянын Украинадагы аскерий операцияларды колдобой турганын көрүп турат. "Ошондуктан, биз бул кырдаалда эч кимдин союздашы эмеспиз", - деди Пашинян.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости