www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арменияда орусиялык компаниялардын активдерине кошумча салык салуу же алардын бир бөлүгүн мамлекеттик көзөмөлгө өткөрүү маселеси талкууланууда. Маалыматтарга караганда, бул маселе бийликтеги партиянын жыйынында көтөрүлгөн.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусия киргизген экспорттук чектөөлөрдөн улам жаралган чыгымдарды өлкөдө иштеген орусиялык ишканалардан түшкөн кошумча кирешелердин эсебинен жабууга болорун билдирген.

Эксперттердин баамында, Армениядагы орусиялык активдердин жалпы көлөмү болжол менен 5 миллиард долларды түзүп, чет элдик инвестициялардын 90 пайызга жакынын камтыйт. Алардын катарына темир жол, энергетика, газ тармагы, тоо-кен ишканалары жана банк секторундагы ири объектилер кирет.

Азырынча орусиялык активдерди мамлекетке өткөрүп алуу боюнча расмий чечим кабыл алынган эмес. Бирок байкоочулар бул маселе келечекте Москва менен болгон сүйлөшүүлөрдө басым көрсөтүүчү инструмент катары колдонулушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Последние новости