www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдөгү ири eBay интернет соода түйүнүндө Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ички ID-card) сатыкка чыкты.
Жарыя бергендер, паспорт үчүн 220доллар сурашууда. Ал эми паспорттун колдонуу мөөнөтү: өткөн жылы май айында аяктаган. Ошондой эле паспорт сатуучулар, бул паспорту сатып алууну каалоочулардын айткан жерине жеткирип берүүнү убада кылышат. Жеткирүү мөөнөтүн 2018-жылдын 12-21 –февралга чейин деп көрсөтүшкөн.
Чындыгында кыргыз паспорттун кимдерден гана табылган жок. Дүйнөлүк издөөдөн жүргөнүнөн да, баш кесер, уруу кекисинен да чыгууда, бирок бул боюнча тийешелүү органдар үн чыгарбайт. Кылмыш иши козголду дешет, бирок сот жобуна тартылгандар жок.
Мисалы, ”Астана” аба майданынан кыргыз паспорттору менен Ооганстандын алты жараны кармалганын Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети билдирген.
Комитет кармалгандар жасалма Шенген визасы менен Германияга учуп кетүүгө аракет кылышканын айткан.
“Астана” эл аралык аба майданындагы Астана-Франкфурт каттамынан паспорттук көзөмөл учурунда Ооганстандын алты жараны кармалды. Бардыгы эркектер. Чек араны Кыргызстандын жасалма паспорттору менен кесип өтүүгө аракет кылышкан. Ошондой эле паспортторунда Евробиримдиктин аймагына кирүүгө укук берген жасалма Шенген визасы да чапталган. Кармалгандар боюнча текшерүү иштери жүрүүдө деп билдирген Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз өкүлү.
Бул Ооганстандын алты жаранына ким Кыргызстандын паспортун жасап, жасалма Шенген визасын басып берген? Суроо бар, бирок жооп жок.
Серепчилер кыргыз паспортун сатып алуу оңой экенин белгилешет. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы акыркы үлгүдөгү паспортко мыйзамсыз ээ болуу мүмкүн эмес деп эсептейт. Бирок болуп жаткан окуялар серепчилердин айтканы чындык экенин далилдеп турат.
Мына, Үрүмчү шаарынан Стамбулга келген 98 уйгур жараны Кыргызстандын жасалма паспорту менен Сауд Аравияга кетүүгө аракет кылганда кармалды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.Андагы маалыматтарда, шектүү жарандар бир паспорт үчүн алар 2 миң 500 евродон, ал эми билеттер үчүн 300 доллардан бергенин айтылды. Дүйнө кыргыз бийлиги ушунчалык жемкорлукка малынганбы, же бул маселе боюнча күнөөлүүлөр жазасын алабы деген суроого жооп издешти. А кыргыз бийлиги күнөөлүүлөрдү алиге чейин тапкан жок.
Ал эми 2016-жылы Казакстандын жарандары Кыргызстандын паспорту менен Сирияга кетүүгө аракет кылышкан топ кармалганын казак басылмалары жазып чыкты. САл топтун эң жашы 20 жашта болсо, улуусу 57 жашта болгон.
2017-жылы 29-ноябрда Орусиянын Рязань облусунда Кыргызстандын жасалма паспорту менен беш өзбекстандык жаран кармалган. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.
Аларды ички иштер министрлиги менен Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү бирге колго түшүрүшкөнү, кармалгандар 24-34 жашта экендиги айтылды.Тергөөдө маалым болгондой, алар Орусияда өз документтерин жоготуп, кыргыз паспортун ошол жактан эле сатып алышкан. Документти ким сатканы аныкталган эмес.
Чындыгында Кыргызстандын паспорту өтө “популярдуу”. Баткен окуясында бизге кол салган Өзбекстан ислам кыймылынын кээ бир мүчөлөрүндө да Кыргызстандын жарандыгы бар болуп чыкканын кимибиз тана алабыз?
Айрым коңшу өлкөлөрдүн ММКлары жазгандай «Кылмышка шектүү жарандар кыргыз паспорту менен жүрүшөт”-деген сөздүн чындыгы бардай сезилет. Чындыгында кыргыз паспортторун «дүңүнөн» саткандар көп, бирок кыргызстандын атайын органдары тарабынан паспорт «чайкоочулары» кармалды деген маалымат аз. Кыргыз паспортунун “коопсуздугун” көзөмөлдөгөн бирөө барбы?
Булак: Каганат.