www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында тааныштардын эки баласын бирдей олтургузган сүннөт тоюна барып калдым.Саат кечки сегиз болуп калган. Бизди конок болчу үйгө үй ээси кошуп берген тестиер баланын артынан шатыра-шатман чубалжып ээрчип жөнөдүк. Мээрим төгүлгөн, нан жытанган айыл кечи. Айылдын түтүнү да жагымдуу аңкыйт. Биз аппак акталган кооз үйлөрдүн бирине кирдик.
Аны Россияда иштеген балдары салып беришкен экен. Дасторкон үстүндө дүр-дүйүм тамак-аш. Союшка деген ирикке бата тиленгенден кийин жетелеп чыгып кетишти. Жеп, ичип олтуруп саат кантип түнкү 11 болуп калганын байкабай калыптырбыз.
Бир кезде төрдө олтурган байбиче:
-“ Мен Айзада чоң эненин үйүнө барып келейин, уруксат берсеңиздер” — деди.
Анда жанында олтурган аксакал, “Оо, байбиче караңгыда кандай болор экен” деп кабатырлана обдулду. Байбиче ажарлуу жаркылдаган жан экен.
—“Кабатырланбаңыз, биздин көчөнү Сооронбай Жээнбеков күндүзгүдөй жапжарык кылып койгон. Быйыл Президент болоор алдында айылыбыздын көчөсүнө светтерди койдуртуп берди. Айылда кой, уй жоголсо таап алууга, бири-бирибиздикине конокко барсак күндүзгүдөй жапжарык болупоңуп калдык.
Кээде мага окшогон байбичелер кечинде түн бир оокумга чейин, келиндерибизге сиңимдүү суюк оокатарды жасатып, өткөн кеткенден кеп салып чер жазышабыз. Оңуп эле калбадыкпы, Сооронбай балабызга беш убак намазбызда ден-соолук тилеп олтурабыз деп, — жаркылдай каткырды. Ошондуктан кабатыр болбоңуз, чалынып-чулунуп кетпейбиз. Көчөдө кеңири басып калдык.
Өзү негизи мен Кара-Кулжанын кызымын. Өзгөнгө келин болуп келгениме 50 жылдан ашты, акар-чакар, балпайган байбиче болдум.
Илгери бала кезде атамдан уктум эле “Шарип аксакалдын үйүнө ууру кирет экен, ошондо Шарип аксакал, үйүн жарык кылып, кел балам чай ичели деп, ууру менен чай ичип бүткөн соң, балам колуң бошогондо келип чай ичип кетип тур” — деп узатып коет.
Кийин ал жигит райондогу белдүү инженер, кадырлуу аксакал болгон экен. Кара-Кулжа мурда Совет деп айтылып, Советти, Совет кылган ошол Шарип аксакал эле. Эми минтип балдары да эл-журт тааныган адамдардан болду” -деп сөзүн бүтүрдү.
… Ошентип жакшы конок болдук, заңкайган оокат-аш түйүлгөн түйүндөрүбүз менен үйлөрүбүзгө кайттык.
Айкүн Адыраңова
Булак: "Ачык сөз"