www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пазилат Тажибаева Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында жашайт. КР Эмгек сиңирген мугалими Пазилат айым, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков президенттик жарышка түшпөсө, бийлик эгерде БШКдан каттабаса иш чатак болот, - деген пикирин кайрадан билдирди.
-Эл аралап саясатта жүргөнүмө 25 жыл болду. Кандай гана саясатчылар үчүн жанымды үрөп чуркаган жокмун. Көп саясатка аралыштым. Ушул Кыргызстан түптөлгөндөн бери канчалаган шайлооолордун башында турдум. Так ушул тапта Кыргызстандын келечеги үчүн татыктуу президентти тандап алышыбыз керек. Дал ошол татыктуу, таза кандуу, чыныгы таза кыргыз, президенттикке талапкер Ахметбек Келдибеков деп ойлоймун. Мына тар чөйрөдө айтылып жүрөт. Президенттикке талапкер Темир Сарив деле “Ахматбек Келдибеков, Түштүктөн чыккан жападан жалгыз чыныгы талапкер”, деп айтып жүрүптүр. Жакында эле Сариевдин Курултайына барып Ахматбек Келдибеков трибунага чыгып сүйлгөндө, эл дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алды. Чыдабаган Темир Сариев аргасыздан тура калып артын карады. Бул факты. Ишенбесеңер, Курултайда тарткан ошол күндөгү архивди карагыла. Барып конок катары сүйлөп койсо, “кошулуп кетти, бирикти” деген сөздөр тарады.
Саясаттагы саясый бийликтин бул жүрүшү жакшылыкка алып барбайт жана арты жакшылык менен бүтпөйт. Мен так ушул тапта бийликтин жүрүшүн акаевдик жүрүшкө окшоштуруп жатам. Өмүрү кыскадай...- деди Баткен облусунун тургуну.
Булак: NazarNews.kg