www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Республика-Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду этектеп, агалык кеңешин айткан болуп, саясий жактан таяныч көрсөткөн болуп жүргөн Өмүрбек Суваналиев президенттик шайлоодо инисин сүрөй турганы маалым болгон.
Парламенттик шайлоодо Нарын аймагын көзөмөлдөп, добуш алып берүүгө жан үрөгөн Суваналиев бул жолу да кол куушуруп отурбай, көмөк көрсөтүүгө ччындап бел байлаганы байкалды. Жакынкы күндөрдөн бери айрым белгилүү саясатчылар менен жолугушуп, Бабановду колдоого үндөй баштады.
Мындай купуя максаты менен Адахан Мадумаровго жолугуп тамырын тартып көрүүгө да далалат кылганы басма сөз булактарында жазылды. Сыягы ишенген инилери ара жолго таштап, каражаты жок каржалып турган Адаханды өз айлампасына тартуу боюнча Бабановдон тапшырма болгон көрүнөт. Ал вазийпаны Суваналиев өзүнө алып, ишти кечеңдетпей баштагандай..
Түштүк акмакта абалы анча эмес Бабанов Мадумаров аркылуу өз позициясын чыңоо аракетин көрүп жаткандай. Тилеги ишке ашаар бекен? Ар кимге алдана берип оозу күйүп калган Мадумаровду ийге келтириш оңой болбосо керек…
Булак: "Фабула"