www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пекиндин символу

Кытайдын эң чоң диний комплекстеринин бири болгон Бейиш храмы (Тяньтань) 500 жылдан ашуун убактан бери зыяратчыларын кабыл алууда.

ЮНЕСКО тарабынан 1998-жылы Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген байыркы сыйынуучу жай, борбор шаар Пекиндин символу болуп эсептелет.

Мин династиясы мезгилинде 1420-жылы курулган диний комплекс Жердин төрт бурчук, бейиштин болсо тегерек түрүндө экени жөнүндөгү ишеничке жараша асты төрт бурчтук, үстүңкү бөлүгү да тегерек түрүндө салынган.

Өлкөнүн эң чоң жана эң кенен сыйынуучу жайы катары билинген Бейиш храмы, бутканалар комплекси деп да айтылат.

Астыңкы бөлүгү тепкич түрүндө кабат-кабат салынган сыйынуучу жай дүйнө менен бейиштин ортосундагы байланышты символдоп турат.

Расмий аты «Бейиш храмы паркы» деп аталган комплекстин айланасы жап-жашыл бак дарактар менен курчалган.

Бул комплекс ибадат, каниеттүүлүк жана курмандык сунуштоо аянты болуп үч негизги бөлүмдөн турат. Сыйынуучу жайдын чыгыш, батыш, түндүк жана түштүгүндө 4ү негизги каалга жалпы 6 эшик бар.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости