www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ааламга кеткен жол айылдан башталат. Ачык асмандын аңкыган абасынан дем алып нечендеген мыктылар айыл жергесинен ааламга таанылган. Анын сыңарындай мектепти аяктагандан соң 10 жылдык жолугушууга келе турган классташтар куру барбай сөзсүз белек көтөрүнүп мугалимдерин куттукташат. Соңку мезгилде куттуктап эле тим болбостон ушундай бир көңүл кубанткан иштер жыл сайын 10-20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан жүзөгө ашырылууда. Мисалы: айылынын кире беришине дарбаза куруп, жетим-жесирлерге жардам берип, үйү жокторго үй салып кубантып жатышат.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү-Сай айылындагы 2007-жылкы 10 жылдык Бүтүрүүчүлөр өздөрү өскөн айылына көпүрө куруп берүүнү колго алышкан. Азыркы учурда көпүрө куруу иштери кызуу жүрүп жаткан кези. Тактап кое турган болсок Өрүктү-Сай айылына пайдалуу эстелик катары калтырууну 1989-жылы төрөлгөн жигиттер жапа тырмак жабыла жасашууда. Бул тууралуу классташтардын атынан Курманбек Ниязбеков билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости