www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пентагон аскердик жардамдын жаңы топтомунун алкагында Украинага Ми-17 тик учмалары менен Humvee жолтандабастарын берүү ыктымалдыгын караштырып жатат. Бул тууралуу The Washington Post гезити Ак үйдүн өкүлүнө шилтеме кылып кабарлады.

Киевге бериле турган аскердик жардамдын жаңы топтому 750 миллион долларга бааланышы мүмкүн экени айтылууда. Азырынча анда курал-жарактын кайсы түрлөрү болоору так аныктала элек.

The Washington Post'тун маалыматына караганда, Украинага жөнөтүлө турган жардамдын болжолдуу курамында гаубица замбиректери, жээкти коргоочу учкучсуз учуучу аппараттар, ошондой эле, радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо каражаттары болот.

Өткөн жумада АКШнын Сенаты Украинага аскердик жана каржылык жардам көрсөтүүнү жеңилдеткен "ленд-лиз" программасын колдонууга уруксат берген мыйзамды колдогон. Бул программа акыркы жолу Экинчи дүйнөлүк согуш маалында колдонулган. Анда Америка нацисттик Германияга каршы күрөшкөн Улуу Британия менен СССР сыяктуу өлкөлөргө аскердик жардам көрсөткөн.

Буга чейин Түштүк Корея 1,5 миллион доллардан ашык суммага Украинага аскердик жардам бере турганын жарыялаган. "Рёнхап" агенттигинин маалыматына караганда, Сеул кийинки жумада Киевге бронежилеттерди, шлемдерди, медикаменттерди жана кургак азыктарды жөнөтөт. Азырынча Түштүк Кореянын Украинага учуучу аппараттарды берүү планы жок.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости