www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Орусиянын мамлекеттик атомдук энергия мекемеси Росатомдун Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) жаңы санкцияларына карабастан эл аралык ишмердүүлүгүн уланта турганын айтты.
АКШнын Орусиянын энергетика тармагына карата санкцияларын сындаган Песков: «Бүгүнкү күндө дүйнөдө энергия менен камсыз кылуу жолдорунун мындай түрдө кесилиши мүмкүн эместиги көп жолу далилденди. Эгер бир жерден бир нерсе үзүлсө, башка жерде альтернативдик варианттар пайда болот, албетте, мындай чечимдер эл аралык энергетика базарларында да белгилүү бир деңгээлде туруксуздукка алып келет. Росатомдун эл аралык ишмердүүлүгүн улантат деп ойлойбуз», - деди.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын ыктымал жолугушуусуна да токтолгон Песков: «Көптөгөн өлкөлөр мүмкүн болгон жолугушууну өткөрүү боюнча сунуштарын беришти. Бирок бул тууралуу айтууга али эрте. Учурда олуттуу даярдыктар көрүлбөй эле. Болгону, мындай жолугушуу зарыл жана орундуу деген түшүнүк жана саясий эрк гана айтылды», - деп кошумчалаганын трт.нет Москванын маалымат булактарына таянып жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg