www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болгону мурунку Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фондусу камалып жаткан Б. Казаков убагында кызмат абалынан пайдаланып бир тууган иниси Талант Казаковду өндүрүштү башкаруга, кыргызалтын биринчи орун басары кылып алган. Көрсө, Талант Казаков өзү жер курутуп, мурун эле атагы чыгып «Пьяный Мастер» кличка аталган экен. «Макмалалтын» комбинатта мас болуп ишке барып бир далай жумушка залакасы тыйгизген үчүн мурунку макмалдын деректору Нурлан Исаковдон токмок жеп кызматтан айдалган, ошондо «пьяный Мастер» деген ярлык тагылып кызматтан айдалганын тана албайт. Ал эми Бүткүл ААК «Кыргызалтын» өндүрүшүнө ушу Т. Казаковко ишенип койгону өкүнүчтүү.

Т. Казаков жумушчулар менен жолугушудан тайсалдап, качып келет. 2014 -2015жылдары Казаков Талант ОсОО «Вертекс голд» ишканасында эмгектенип жаткан учурда кылык жоруктары колективке жердешчиликти колдоо, башка жердегилерди зордук зомбулук көргөзүп жаман көрүнүп кызматтан четтетилген. Казаковго участканын башчысы болуу аздык кылды. Чоңойуш үчүн митинг уюштуруп жумуш таштоо менен жетекчиликке келүү максатында, ишканын өнүгүшүнө эбегейсиз чоң зыян келтирген. Ушул кылгандары үчүн «Вертекс» голд» ишканасынын жетекчилиги Түлекеев, Эрмошкин Д. катуу чара коруп жумуштан кетирген болчу. Андан кийин чаткал районунда жайгашкан биртоп тоо-кен ишканаларына орношууга аракет кылган учурда, райондун жетекчилиги жана эли Казаковдун иштешине каршы болушкан.

Ошого карабай Кыргызалтын» ААК төрагасынын өндүрүш боюнча орун басарына келгенине таң каласын. Буга чейин бир тууган иниси гос-имуществанын төрагасы Казаков Болсунбектин күчү менен иштеп келген. Ал азыркы учурда коррупция боюнча тергөө абагында отурат. Бир тууганы камакта отурганда Казаков Талант жоопкерчиликтүү орунда отурууга моралдык укугу жок. Өндүрүш боюнча орун басарлыка келгенден бери 2 жылдын ичинде болгону 2-3 жолу командировкага чыкты. Командировкага баргандан коркот. Макмал комбинатына барып биринчи жолу жумушчуларды чогултуп чогулуш кылганда, аны бардыгы сүйлөтпөй мурунку аталган кличкасын «пьяный мастер» деп, сен эч нерсени чече албайсын деп кууп чыкгышкан.

Казаковду орун басары катары эч ким сыйлабайт. Ушундай безграмотный кадрларды кантип ушундай жоопкерчиликтүү жерлерге алып келгендерге таң каласын. Бүгүнкү күндө макмал комбинатын инвесторго беребиз деп турган кезде, өндүрүш боюнча орун басары кызыгып да койгон жок, барган да жок. Коркуп кабинетинде эле отурат эч иш кылбай. Өндүруштүн акыбалы менен таанышып, эл менен жолугушуп, өмүрүн узартуу ушул Казаковдун компетенциясына кирет, бирок бул иштерди кылгандын ордуна тескерисинче мурдагшы адатынча Кыргызалтындын ичинде да чыр чатакты самаганы-самаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости