www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында "Коррупция" беренеси менен айыпталып кармалгандардын арасында Кытайдын TBEA компаниясынын өкүлү Мусажан Макелек да бар экени белгилүү болду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-августта Мусажан Макелектин камактагы мөөнөтүн 13-октябрга чейин узартты. Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, аны менен чогуу айыпталып, камалган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовго, "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевге жана анын орун басары Жолдошбек Назаровго карата да ушундай эле чечим чыкты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган бул кызматкерлердин камактагы мөөнөтү УКМК тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү менен узартылды.

​Мусажан Макелек - кытайлык кыргыз жазуучусу Макелек Өмүрбайдын уулу. Ал Кытайдын TBEA компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү болуп иштеп келген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости