www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Перунун Лима шаарындагы пиротехникалык дүкөндө чыккан өрттөн кеминде беш киши каза болуп, алты киши жаракат алды. Crisis24 порталы билдирди.

Маалыматка караганда, каза болгондордун бири жашы жете элек бала. Ошондой эле, жабырлануучулар ооруканага жаткырылганы, эки адам денесинен 70% күйүк алганы белгилүү болду.

Окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштери уюштурулду. Өрттүн себеби азырынча тактала элек.

Жергиликтүү бийлик өрт чыккан аймакта катуу түтүн каптаганына байланыштуу, кооптуулук деңгээли жогору экенин жарыяланганын билдирип, жол кыймылы үзгүлтүккө учурап жатканын эскертет.

Тургундарга түтүн жана күйүү продуктуларынын таасири менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу үчүн чектөөлөр алынганга чейин альтернативдүү жолдорду колдонуу сунушталат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости