www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коркуу сырткы коркунучта эмес, биздин өзүбүздө.
(Стендаль)
Кээ бир кишилерге байлык “жоготуп албасам экен” деген коркууну гана алып келет.
(Антуан де Ривароль)
Жаман иш жасагандан коркуу – бул коркоктук эмес, эрдик.
(Бенджамин Джонсон)
Уят – бул элден коркуу, абийир – Кудайдан коркуу.
(Сэмюэл Джонсон)
Коркуу адамдарды ойлонууга мажбур кылат.
(Аристотель)
Чеги жок коркууга караганда коркунучтуу өлүм артык.
(Иоганн Фридрих Шиллер)
Адамдарды кыймылга келтире турган эки нерсе бар: коркуу жана жеке кызыкчылык.
(Наполеон I)
Саясатта коркуу менен башталган нерсе адатта акылсыздык таризинде бүтөт.
(Сэмюэл Тейлор Кольридж)
Планетада биз корко турган бир эле нерсе бар – ал адам.
(Карл Густав Юнг)
Жашыра турган эчтекең жок болсо, коркпосоң деле болот.
(Гарри Потер)
Мен келесоолордон өлөөрчө корком. Өзгөчө келесоо катындардан.
(Фаина Раневская)
Тиш доктурга барыш керк эле... Мен ушул ишти кечеңдеткенди аябай жакшы көрөм.
(Джонни Депп)
Мен дайыма коркуп жашайм. Мени туура эмес түшүнүп калышат го деп корком.
(Оскар Уайльд)
Жоокер болгуң келсе – коркуудан арыл.
(Аватар)
Жоготуудан коркуп отуруп, биз канча нерседен айрылабыз?
(Пауло Коэльо)
Сенин эң чоң жаңылыштыгың ушунда – катачылык кетиргенден коркосуң.
(Томас Роберт Дьюар)
Коркуу кылычка караганда да катуу жаралантат.
(Джордж Мартин)
Депрессия – бул ичке катылган коркуу.
(Зигмунд Фрейд)
Жыгылган жаман, бирок, “качан жыгылам” деп корккон андан да коркунучтуу.
(Ария)
Коркуу адамды дубалга караганда да бекем кармайт.
(Харуки Мураками)
Корккон киши – жарым жартылай жеңилген киши.
(Александр Суворов)
Мен бийиктиктен коркпойм. Бирок, бийиктиктен жыгылгандан корком.
(Джордж Карлин)
Мен сага жолуккандан корком,
Жолукпай калгандан ого бетер корком.
(Александр Блок)
Эчтекеден коркпогон кооптуу. Коркуунун да пайдасы көп.
(“Троя” тасмасынан)
Коркуу сени туткун кылат. Үмүт сага эркиндик берет.
(“Шоушенден качуу” тасмасынан)
Көлөкөдөн коркпо, ал сенин жаныңда жарык бар экенинин белгиси.
(“Шаардык аңчы” сериалынан)
Сен корккон адамды да, сенден корккон адамды да жакшы көрбөш керек.
(Марк Туллий Цицерон)
Коркуу боло турган иш сөзсүз болорун түшүнгөн учурда гана жоголот.
(Стэл Павлоу)
Ар кандай кыйынчылыкка унчукпай чыдаган кишилер кыйкыра баштаганда чындап коркуш керек.
(Вера Камша)
Элдин баары корккон киши өзүн аябай эле жалгыз сезсе керек...
(Туве Янссон)
Эгер сен түбү жок туңгуюкка туш келсең, коркпой эле кой. Кеч болуп калды.
(Андрей Жвалевский)
Бир жакка кетип калгандан эмес, эч жакка барбагандан коркуш керек.
(Дмитрий Емец)
Турмуштагы чоң сыноолор майда-барат коркуулардан арылтат.
(Оноре де Бальзак)
Аталышы жок коркуу эң жаман. Аталышы жок коркууга шприц да жардам бере албайт.
(Януш Леон Вишневский)
Мен эч кимге калп айтпайм, себеби, эч кимден коркпойм. Корккон киши гана калп айтат.
(Джон Готти)
Таяктан корккон киши таяк жегендей эле азап тартат.
(Джек Лондон)
Майдандан корккон киши жеңишке жетишпейт.
(Джордж Мартин)
Экиден көп кишини бир бөлмөгө камап койсоң, алар бири-бирин өлтүрүүгө сөзсүз себеп табышат.
(“Караңгылык” тасмасынан)