www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президенттин бардык мүлкү камакка алынды

Украинанын Жогорку Коррупцияга каршы соту (ВАКС) өлкөнүн экс-президенти Виктор Януковичтин бардык мүлкүн мамлекеттин пайдасына камакка алды. Бул тууралуу маалыматты Украинанын Коррупцияга каршы аракеттенүү борбору таратты.

«ВАКС Януковичтин бардык мүлкүн, атап айтканда, Межыхирядагы резиденциясын, Сухолучядагы мейманкана-ресторан комплексин, батирди, акчаны жана жарым миңден ашык маданий баалуулуктарды конфискациялады», - деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү доо Украинанын Юстиция министрлигинин юристтери тарабынан берилген. Бирок, ВАКСтын чечими конфискациялоо жөнүндө токтом жарыяланган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.

«Ошондой эле Киевдеги Оболонская жээгиндеги батир, унаа токтотуучу жайлар, 31 миллион гривен (841 миң доллар) жана банк эсептериндеги 84,9 миң доллар, «Танталит» ЖЧКсынын жана Лесниктин үйүнүн уставдык капиталындагы 100% үлүштөр да мамлекеттин кирешесине өндүрүлгөн. 18,7 миллион еврого бааланган 537 маданий баалуулуктар, анын ичинде китептер, иконалар, сүрөттөр, антиквариат эмеректер, сааттар, вазалар, кылычтар, мылтыктар, 19-кылымдын замбиректери», - деп белгиледи Коррупцияга каршы борбор.

Эскерте кетсек, буга чейин Украинанын экс-президенти Петр Порошенко россиялык пранкерге Украинанын учурдагы лидери Владимир Зеленскийдин куугунтугуна нааразы болгондугу белгилүү болгон.

Экс-саясатчы: «Зеленский мага үч жарым жылдан бери кылмыш иштери менен чабуул жасап, анын ичинде мени мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыптап келет», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости