www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин кеңсеси тинтүүгө алынды

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Ренессанс партиясынын кеңселери, ошондой эле МакКинсинин Париждеги штаб-квартирасы 2017-жылы америкалык компания француздардын учурдагы лидеринин өнөктүгүн каржылоо ишинин алкагында тинтүүгө алынган. Бул тууралуу BFMTV каналы Париждин прокуратурасына таянуу менен билдирди.

Укук коргоо кызматкерлери тинтүү иштерин шейшемби, 13-декабрда жүргүзүшкөнү такталган. Партия өз кезегинде бул учурда «пайдалуу болушу мүмкүн болгон ар кандай маалыматты берүүгө даяр» экенин билдирди.
Франциянын улуттук каржы прокуратурасы 2022-жылдын ноябрь айында Франциянын президентине карата тергөө иштерин баштаган. Макрондун 2017-жылдагы шайлоо өнөктүгү McKinsey фирмасы тарабынан мыйзамсыз каржыланган деп шектелүүдө.

Тергөө француз саясатчысы менен америкалык компаниянын ортосундагы байланышты иликтей турган үч тергөө судьясына тапшырылган. Француз прокурору бул иште «фаворитизм» болгон-болбогонун, ошондой эле «шайлоо өнөктүгүн мыйзамсыз каржылоого» орун бар же жок экенин текшерет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости