www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балыкчы шаарындагы пляжда 20 жаштагы Т.А. аттуу таанышын бутка жана курсак тарапка сайып салган 19 жаштагы улан кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Окуя 22-июлда болгон. Жабырланган бала Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.
Иликтөөдө белгилүү болгондой шектүү катары кармалган жаран 18-июлда түнкү саат 1:00дөр чамасында Т.А. аттуу тең-тушу менен чырдаша кетип, экинчиси учтуу нерсе менен жамбаш тарапка сайганын айтып берген.
Ал жаракат алып шаардык ооруканадан кароодон өтүп, болгон окуяны жашырып, милицияга кайрылган эмес.
"Бирок 22-июлда таанышын шаардык пляждан көрүп калып өч алуу максатында аны да учтуу нерсе менен бутка, ичке сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Учурда аталган эки фактынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча ("Бейбашчылык") кылмыш иши козголду" — деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg