www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын коргоо министри, генерал-полковник Сакен Жасузаковду кабыл алды.
Жолугушууга ошондой эле Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев да катышты.
Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы аскерий жана аскерий-техникалык кызматташтык тууралуу пикир алмашуу болду.
Президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык терроризмге жана Борбор Азия регионунун коопсуздугуна шек келтирген башка чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу боюнча биргелешкен чараларды көрүүнүн маанилүү экенин белгиледи.
Казакстан коргоо министри Сакен Жасузаков аны кабыл алганы үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн аскерий ведомстволору Кыргызстандын жана Казакстандын президенттери аныктаган багыттарда кызматташа турганын белгиледи.
«Бекем коопсуздукту камсыз кылуу ишинде чакырыктарга жана коркунучтарга жалгыздап каршы туруу мүмкүн эмес. Бизди коопсуздукту камсыз кылуу жана кадрларды даярдоо боюнча биргелешип иштөө күтөт», — деп белгиледи Сакен Жасузаков.
Мамлекет башчысы Казакстан элине тынчтык жана бакубатчылык каалады, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевге жылуу каалоолорун билдирди.
Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаков Кыргызстанга «Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосунда аскердик чалгындоо чөйрөсүндө өз ара аракеттенишүүсү жөнүндө» макулдашууга кол коюу үчүн келген.
Булак: NazarNews.kg