www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активист Мелис Аспеков депутат Кубанычбек Жумалиевдин абалы оор экенин билдирди.

Анын айтымында Кубанычбек Жумалиев жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат.

"Ушул жаңылыкты окуган соң, ички дүйнөм бушайман болуп жатат. Кубанычбек байке тез сакайып кетишин каалайм, абалыңыз оор экен. Мага бир топ адамдар чалып, жазып жатышат. Муну куран уруп баштады деп. Андайды уккандан кийин, жүрөгүм зырп этти. Кайдан мен бердим, кайдан сиз ала калдыңыз... Роза эже жакшылап караңыз эми байкени. Деги дем ал байке, дем ал, токтоп калба... Бутка туруп кетип, мына сага деп бир чоң медициналык борбор куруп салчы байке. Эл ыраазы болуп калсын!", - дейт жарандык активист

Эске сала кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев пневмония оорусуна кабылып, ооруканага түшкөнү айтылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости