www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Өзгөн районунун Куршаб айылындагы оорукананын дарыгери медициналык мекемеде жеке коргонуу шаймандарынын жоктугуна нааразы болгон видео пайда болду.

Дарыгердин айтымында, ооруканада респираторлор, бет каптар жок, атүгүл пневмония жана жугуштуу коронавирус менен күрөшө турган дары да жок.

«Бизде көп нерсе жетишпей жатат. Анын ичинде ИВЛ аппараты, респираторлор, СИЗ, халат, чепчик, бахила, пульсоксиметрлер жана башка каражаттар жок. Мүмкүн болсо, бизге жардам берүүңүздөрдү суранабыз”, - деди дарыгер.

Анын айтымында, чакыруу болгон учурда дене табы көтөрүлгөн бейтаптарга тиешелүү форма жоктугуна байланыштуу жөнөкөй кийим менен барууга аргасыз болушууда. Ал эми мындай шарт дарыгерлердин ооруга чалдыгуусуна себеп болору бышык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости