www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиялык өспүрүм бала полиция кызматкерлерин күтпөстөн, энесин өгөй атасынын колундагы өлүмдөн сактап калган. Бул тууралуу 17-февралда РЕН ТВ маалымдады.
Телеканалдын билдирүүсүнө ылайык, бала көп жолу полицияга чалып, өгөй атасы энеси өлтүргөн жатканын кабарлаган. Бирок, укук коргоо тарабынан эч кандай реакция болгон эмес. Өспүрүм бир нече саат бою үйүнүн жанында полиция кызматкерлерин күтүп турган. Ал апасынын кыйкырыгын укканда, аны куткаруууга аракет кылган. Өспүрүм бычакты ала калып, өгөй атасын бир нече жолу, ошондой эле моюнуна да бычак менен сайып салган.
Апасы полицияга чалып, баласы аны сактап коргоп, чогуу жашаган кишини сабап салганын кабарлаган. Ошондой гана укук коргоо органдары келген.
Белгилүү болгондой, өспүрүмдүн чалуусуна келбей койгон полиция кызматкери жумуштан алынган. Сот аны шалаакылык боюнча күнөөлүү деп тапты. Мындан сырткары, ал 50 миң сом айып пул төлөөгө милдентендирилди. Бирок, иштин эскириши менен ал жазадан бошотулган.
Өспүрүмгө ачылган кылмыш иши жабылды.
Булак: NazarNews.kg