www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак эмгек менен ийгиликтерди багындырган аймактык тескөөчү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү милициянын подполковниги Качкынов Улан Абдималикович үстүбүздөгү жылы жашы элүүгө келди. Улан мырза жумушунан сырткары спорт жагынан да көп ийгиликтерди багындырган. Анын жетишкендиктери тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү туура көрдүк. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Улан мырза Нарын облусунун Нарын шаарында 1970-жылы туулган. Жаштайынан спортко болгон кызыгуусу күч болгондуктан, спорттун күрөш, боскетбол, жеңил атлетика түрлөрү менен машыккан. Кичине кезден тартып эле форма кийип, күч органдарында кызмат кылуу эң негизги кыялдарынын бири болгонун эскерет. Анын далили катары мектепте 8-класста окуп жүргөндө “Орлёнок”  аттуу аскерлештирилген таймашка катышкан. Конкурс аскердик жашоо жана спорттун түрлөрүнөн болгондуктан мыкты даярдыктагы командасы менен Нарын облусунан 1-орунду жеңип, республикалык таймашта 2-орунга татыктуу болушкан. Ошол кезден тарта спортко жана күч органдарында кызмат өтөөгө болгон кыялдары дагы тереңдеп баштаган. Мектепти бүткөн соң, жогорку окуу жайына тапшырып андан кийин аскерде кызмат өтөп келген.   

Алгач жумушка кабыл алынган учур

Бир күнү Кемин районунда эжесинин үйүнө конокко барат. Жездеси Кемин районунун ИИБдө милиция кызматкери болгон. Ошол күнү жездеси жакынкы убакта милиция кызматкерлерлеринин ортосунда облустук деңгээлде теннис оюну боюнча мелдеш болоорун айтып, ошого карата кесиптештери менен даярдануу үчүн спорт залга жөнөгөн. Улан мырза спорт дегенде ичкен ашын жерге койгон бала болгондуктан, оюнду көрүү үчүн жездесине кошулуп барган. Кечке алардын даярдагын көрүп отуруп, бир экөөсү менен ойноп көрүп, дароо эле аларды жеңип коёт. Мелдешке даярданып жаткан кызматкерлер баары бир ирээт ойноп көрүшүп, баары жеңилет. Экинчи ирээт кайрадан ойношуп дагы жеңилишет. Оюнга көз салып отурган жетекчилердин бири анын шамдагайлыгын көрүп, милицияга иштөөгө сунуш кылган.

Улан мырза форма кийип күч түзүмдөрдө иштөөнү кыялданып жүргөндүктөн дароо эле макул болот. Ошентип 1995-жылы Кемин районунун ИИБнө кылмыш иликтөө кызматына орношуп. Көп өтпөй эле стол теннис боюнча Кемин районунун атынан мелдешке катышып, Чүй облусу боюнча ИИОлор арасында биринчи орунду жеңип алат. Милицияга киргенден тарта эле кызматта дагы спорт жагынан да чоң ийгиликтерди жарата баштайт. 

Кемин районунда иштеп жүрүп өмүрлүк жары Ырсалиева Назира Мамбетовна аттуу айым  менен таанышып, баш кошушкан. Нурсултан жана Руслан аттуу эки уулдуу тарбиялап чоңойтушуп, учурда уулдары өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларда билим алышууда. Атасына окшоп балдары да спорт менен машыгаарын билдирген.

Жетишкен ийгиликтери

2007-жылы “Эр Жигит” аттуу участковыйлар арасында облустук деңгээлде конкурс уюштурулган.

Конкурстун талабы боюнча, 1-күнү спорттун 10 түрүнөн сынак болсо, эртеси ыр-бий жана башка кароо сынактар менен коштолуп 2 күн өткөн.

Улан Качкынов Чүй облусу боюнча өткөн конкурста 1-орунду жеңип, республикалык таймашта баардык тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарып, “Эр Жигит” конкурсунун баш байгесин жеңип, 30 миң сом акча, “Ардак грамота” жана “Милициянын отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

Кандай гана спорттук таймаштар болбосун райондук ИИБдүн командасынын курамына кошулган. Футбол, волейбол “Стритбол” оюндары боюнча өткөрүлгөн мелдештерде Чүй облусун ИИОлор арасында бир нече ирээт байгелүү орундарга жетишкен. 

Андан сырткары ИИМдин календарлык планынын негизинде өткөрүлгөн спорттун кызматтык көп түрдүүлүгү боюнча 40 жаш курактан жогоркулар арасында Чүй облусунун ИИББнын командасынын көп жылдан берки мүчөсү.

Ведомстволор аралык өткөрүлгөн спартакиадаларда ИИМдин курама командасынын мүчөсү катары, стол теннис жана жеңил атлетика боюнча бир нече жолу байгелүү орундарды жеңген.

Өзүнүн спорттогу көрсөткөн жетишкендиктеринин аркасында Чүй облусунун ИИББнын жана ИИМдин ардак грамоталары жана башка баалуу белектери менен бир нече жолу сыйланган. 

Милиция кызматкери болгондон кийин көптөгөн окуяларга күбө болоору бышык. Улан мырза далай окуяларды башынан өткөргөн менен Кемин районунда бир кылмыш окуя эсте калганын айтат. 

Күндөрдүн биринде Кемин районунун ИИБнө бир кемпир арыз менен кайрылып, жалгыз уюн бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген.

Улан Качкынов кесиптеши менен жоголгон уйду издеп жүрүшүп курулушу бүтпөгөн бир имаратка киришип жоголгон уй ошол жерде камалып турганын көрүшкөн. Уйду дароо чыгарып кетпестен, ууруларды кармоо үчүн уйду камалган жеринде эки күн аңдып жатышкан. Эки күндөн кийин түн жарымында уйду алып кетүү үчүн эки эркек бала келген.

Экөөн кармайын дегенде күтүүсүздөн таш менен чаап, имараттын терезесинен чыга качышкан. Таш Улан мырзанын башынан эки эли жогору өткөнүн сезбей, качкан кишини көп узатпай эле кармап келген. Уйду ээсине тапшырышканда кемпир сүйүнүп, кызматкерлердин беттеринен өөп, шектүү балдарды көрөөрү менен сөзгө келбей таягы менен бирөөсүн башка-көзгө чапкылап кирген.

Арачы түшүп, негизгиси ую тирүү табылганын, шектүүлөр да колго түшүрүлгөнүн айтышканда, кемпир кармалган балдардын бири небереси экенин айтып ошон үчүн сабап жатканын билдирген.  

Күнүмдүк жумуш менен жүгүрүп жүрүп, ички иштер органдарында 25 жыл убакыт көз ирмемдей өткөнүн билдирет.

Улан мырза Кемин РИИБдө 1999-жылга чейин, Сокулук районунда 2013-жылга чейин ал эми 2013-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Ысык-Ата РИИБдө кызмат өтөп келет. Ички иштер органдарында кызмат өтөө, спорттук мелдештерге активдүү катышуудан сырткары мындан 7-8 жыл мурда стол тенниси боюнча мектеп окуучуларын суранычы менен аларды машыктырып, көп жаштарды спортко тартып жана милиция кызматкери болуп иштөөсүнө шык берген. 

Улан Качкыновду өзү тейлеген аймакта жашоочулардын баары сыйлап, урматтайт. Анткени ал ак кызматы жана өз жөндөмү менен элдин ишенимине ээ болгон. Ысык-Ата районунун ИИБдө жоопкерчиликтүү өз жумушун сүйгөн кызматкер катары жаш кызматкерлерге үлгү болуп кызмат өтөп келет.   

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости