www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Тажикстандын элчилигинин алдында митинг болду

Бүгүн Бишкекте Тажикстандын элчилигинен алдында Тажикстандын Согдий облусунун ИИМинин генерал-майору Абдулло Навджувоновдун жоопкерчилигин кароо талабы менен адамдар митингге чыгышты.

 Митингдин катышуучулары Тажикстан генералы тууралуу позициясын билдириши керек деп эсептейт. Митингге чыккандар генералдын билдирүүсү боюнча Тажикстандын расмий позициясын билүүнү каалашканын жана Баткенге тажик тарап доо койбосо, генералды жумуштан бошотууну талап кылышкан. Митингчилиер достукту жана тынчтыкты бузбай, пикирибизди расмий Душанбеге жеткирүүнү каалашат. Бирок тажик элчилигинен митингчилерди угууга эч ким чыккан эмес.

Митингге коомдук ишмер Токтайым Уметалиева, экс-депутат Камила Талиева баш болгон активисттер барышкан.

Эске сала кетсек, Тажикстандын Согдий облусунун ИИМдин бөлүмүнүн башчысы, генерал-майор Абдулло Навжувонов кызматка дайындалгандан кийин, 12-февралда биринчи пресс-конференциясында Согдий облусунун укук коргоочулары үчүн Кыргызстан менен чектешкен чек ара маселеси терроризм жана экстремизм менен катар эле негизги көйгөй болуп саналарын билдирип: “Бул көйгөйдү биздин бабаларыбыз мурас катары калтырды. Эгер тарыхты карап чыкса, мурун Баткен эч качан кыргыздардын жери болгон эмес. Менин бабаларым кыргыздарды алып келип, аларга жер берген. Ал эми, бүгүнкү күндө бул, биз үчүн көйгөй жаратууда”, - деп анын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости