www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Онунчу класста окуп жүргѳндѳ бир жигит менен таанышып калып, жүрүп калдык. Ал дароо эле «менин кызым болосуң» деп, ѳзүнүн жүрүм-туруму менен багындырып алды. Орто бойлуу, университетте окуган, студент эле. Эмнегедир мен ага башынан эле ишендим. Бир күнү эжемдер «айылга кеттик, биздин үйдү карап тур» дешти. Шашып кетишкен экен, үй чачык, идиштер жуулган эмес.

Акырын кыбырап жүрсѳм жигитим чалып, келмей болду. Менин оокат кылып жатканымды кѳрүп, жардам бере калайын деп, короо шыпырып кирди. Такыр эле чочун адамдын үйүндѳ чын дили менен оокат кылып жатканын кѳрүп ого бетер жактырып калдым. Экѳѳбүз бат эле үй жыйнап койдук.

Кечке мал эки жаш улуу бѳлѳм келип, чай ичип отурдук. «Кеч болуп калды, силер бул жерге эле жатып алгыла» деп койду. Жигитим макул болуп, телевизорду күйгүзүп, жатып калды. Бираздан кийин мен жанына барып «мен бүгүн жатканга даяр эмесмин» дедим… Ал түшүнбѳй эле, мени карап, тура калды. «Сен мени ушунча жаман ойлодуң беле?! Мен сенин кыздыгың эмес, бир тал чачыңа да тийбейм» деп туруп, түн жарымда кетип калды…

А мен, чын эле «жатканга» даяр болчумун. Болгону жуунганга душ жок эле, бүгүн эмес, башка күнү деп ойлогом. Ошентип убакыт ѳтүп, ал жигитим менен да сүйлѳшпѳй калдык. Башка жигитке турмушка чыктым. Бир топ жыл ѳткѳндѳн кийин баякы жигитиме жолугуп калып, ошол түнү кыздыгыма тийбей койгону үчүн ыраазычылыгымды айтып, бекем кучактап алдым.

Себеби турмушка кыз бойдон барып, кайын журтум алдында кадырлуумун. Ал жигитим да үйлѳнүп, азыр эки баланын атасы болду. Байланышпай калдык, бирок социалдык баракчалардан кѳрүп турам.

Булак: "Lady.kg"

Последние новости