www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Питердин “Зенит”, лондондук "Арсенал” жана казакстандык “Кайрат” клубунун мурунку оюнчусу, ошондой эле Россия курама командасынын экс-капитаны Андрей Аршавин 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкуловдун оюнун мыкты деп баалады.

Аршавин “Кайрат” телеканалына интервью берген. Ал “кичинекей баланын” оюнуна баа бергенин айтты.

“Кичинекей бала, ал жергиликтүүбү же кол коюшканбы? Менин көзүм алысты жакшы көрбөй калды. Чабуулда чуркап жүргөн, кыргызбы? (андан кийин сурап, тактаганда Алыкулов” болуп чыккан). Ал активдүү ойногону көрүнүп турду”,-деп орусиялык спортчу айтты.

Алыкулов экинчи таймда чыккан. Ал белорусиялык “Неман”клубунан ноябрь айында чыгып, казактардын “Кайрат” клубу менен контракт түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости